Күндүн сүрөтү: Бишкек-Ош жолуна кар көчкү түшүп, жол үч күнгө жабылды

Чычкан капчыгайына 13-март күнү кечинде кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолун бууп калган. Сүрөт: ӨКМнин басма сөз кызматы

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар көчкүдөн жабыркагандар жок. Мекемеден билдиришкендей, жолду бууп калган кар көчкүнүн көлөмү 2,5 млн куб метрди түзөт.

Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, кар көчкүнү тазалоо учурунда жол кыймылы үч күнгө токтотулат. Тазалоо иштери башталган.

Кар көчкүдөн улам жолдо тыгындар пайда болуп, Чүй облусунун «Сосновка» бекетинде 50 жүктүү унаа жана беш жеңил машина, ал эми Жалал-Абад облусунун «Арал» бекетинде тыгындарда 60 жүктүү унаа жана 35 жеңил автомобиль турат. Куткаруучулар айдоочулар үчүн ысык тамак-ашы менен чатырларды орнотушкан.