Коопсуздук кеңеши: Коррупция менен күрөшүү үчүн мамкызматкерлердин маяналары накталай эмес төлөмгө өткөрүлөт

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдиргендей, коррупция менен күрөшүү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин маяналары накталай эмес төлөмгө өткөрүлөт. Өкмөттө «коррупциялашкан аткаминерлердин» мүлктөрүн конфискациялоо боюнча мыйзам долбоорру даярдалууда.

Сагынбаев 14-мартта маалымдагандай, өкмөт коррупция боюнча күнөөлүү деп таанылган аткаминерлердин мүлктөрү мамлекеттин эсебине чегериле турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда.

Ал укук коргоо органдар кызматкерлеринин маяналары накталай эмес төлөмгө өткөрүлөөрүн жана аларга 100 миң сомдон ашуун накталай акчага бир нерсе сатып алууга тыюу салынаарын кошумчалады.

«Мындан тышкары, бардык мамлекеттик кызматкерлерден өздөрүнүн банктык же башка жашыруун сырларын кароого уруксат берише турган тилкат алынат», — деп келтирди Сагынбаевдин айткандарын «24.kg» басылмасы.

Анын айтымында, башкы прокуратура 2018-жылдын июнуна чейин президенттин алдында акыркы жылдары кыскартылган коррупция боюнча кылмыш иштери жөнүндө отчет бериши керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч органдарын жана башкы прокуратураны коррупция менен «натыйжасыз» күрөш үчүн сынга алган. Өлкө башчысынын айтымында, «алар өздөрү коорупцияга батып калышкан».

Жээнбеков УКМКНын Антикоррупциялык кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткораевди бошотуп, анын ордуна Сагынбек Исмаиловду дайындаган.


ТЕМА БОЮНЧА: