Өкмөт «Акылдуу шаар» боюнча депутаттардын алдында апрелде отчет берет

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков. Сүрөт: Сабыр Айылчиев/Өкмөттүн басма сөз кызматы

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков билдиргендей, өкмөт депутаттардын алдында апрелде отчет берет. Буга чейин Кыргызстан «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.

Депутаттар 15-мартта парламенттин жыйынында өкмөттөн «Акылдуу шаар» долбоорунун абалы боюнча кеңири отчет талап кылды.

«"Акылдуу шаар" ишке ашпады. Өкмөттү чакырып, алардан маселелерди кандай чече турганыбызды билүү керек. Жолдордогу негизги көйгөйлөр камералар менен чечилмек эмес. "Милицияны" атын "полицияга" алмаштыруудан тышкары башка варианттар керек», — деп келтирди «24.kg» басылмасы Дастан Бекешевдин айткандарын.  

Ага «Акылдуу шаар» боюнча «толук маалыматты» өкмөт апрелде берет деп жооп берген парламенттин спикери Дастан Жумабеков билдирди. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматынан бул маалыматты тастыктоого мүмкүн болбоду.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Аширбек Темиралиев билдиргендей, «Акылдуу шаар» боюнча «бийлик жакын арада жаңы долбоор кабыл алат».

«Аны потенциалдык инвестор менен ишке ашырышат. Өкмөт "Акылдуу шаардын" ишке ашырылышы боюнча өз маалында отчет берип турат», — деп убада кылды Аширбек Темиралиев.

Кыргызстандын өкмөтү 14-мартта «Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага теңата инвесторлордун долбоор мөөнөтүн сактабаганы себеп болгон.

Өкмөттөн эми алар «Акылдуу шаарды» ишке киргизүү үчүн эл аралык инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү издешээрин айтып беришкен.

Өкмөт 11-январда «Акылдуу шаар» долбоору боюнча камераларды орнотуу үчүн «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн. «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү 60 млн долларга бааланган. Өкмөт камераларды орнотууга кеткен каражаттарды инвесторлорго штрафтан түшкөн акчалардын эсебинен төлөп турууну пландаган.

Бийлик алгачкы камераларды Бишкек менен Оштун жолдорунда январдын аягында эле орнотууну убада кылган.

Бирок январдын аягында камераларды орнотууну «Хуавэй» Кыргызстанга камераларды алып келе элегине байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырышкан.

Инвестициялык келишимди 2015-жылы каржы полициясы «Хуавэйди» Эркештамдан Ошко чейин волокондук-оптикалык байланыш линияларынын курулушунун баасын жогорулатуу боюнча айып такканына карабастан түзүшкөн.

Буга байланыштуу каржы полициясы «Хуавэйдин» Бишкектеги кеңсесинин бардык эсептерин жана мүлкүн камакка алган. Компаниянын Кыргызстандагы жетекчилигине карата камакка алуу баш коргоо чарасы сырттан белгиленген.

Бийлик 2011-жылдан бери Бишкектин жолдоруна камераларды орнотууну убада кылып келет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериш шаарчаларынынын кесилиштеринде гана бир нече камералар пайда болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: