Абылгазиев президенттик аппараттын жетекчилигине дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков Мухаммедкалый Абылгазиевди өз администрациясынын башчылык кызматына дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Буга чейин ал президенттик администрациянын жетекчисинин орун басарлык милдетин аткарып турган.

Абылгазиев бул кызматка 16-мартта дайындалды. Ага чейин бул кызматты Фарид Ниязов ээлеп турган. Ниязов бул кызматтан КСДПдагы партиялык ишке көңүл буруу үчүн кеткен.

Абылгазиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарлык кызматына 2017-жылдын сентябрында дайындалган. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин ал 2017-жылдын августунда премьер-министрдин милдетин аткарган. Ал бул кызматты 22-августтан тарта 25-августка чейин ээлеген.

Ошондон кийин Сапар Исаков өкмөттүн башчысы болуп дайындып, ал эми Абылгазиев Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде анын кеңешчилик кызматына которулган. Ал буз кызматта эки апта иштеп, андан соң Атамбаевдин администрациясындагы Ниязовдун орун басары болуп калган.

Абылгазиев 2016-жылдан тарта 2017-жылдын августуна дейре ошол кезде өкмөт башчысы болуп турган Сооронбай Жээнбековдун министрлер кабинетинде вице-премьер-министр болгон.

Буга чейин ал Социалдык фонддо ар кандай кызматтарда иштеп жүрүп, Бишкектин калкты жумуш менен камсыздоо департаментинин директору болуп эмгектенген.


ТЕМА БОЮНЧА: