Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору «Электр станциялар» ишканасын сотко берди

Нурлан Өмүркул уулу Сүрөт: Азаттык

Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу кызмат ордун кайтаргысы келет жана жумушунан бошотулганын «мыйзамсыз» деп эсептейт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, Өмүркул уулу 19-февралда эле арыз берген, бирок бул тууралуу 15-мартта белгилүү болгон.

Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору «Электр станциялар» ишканасы менен соттошууну көздөөдө, анткени ал кызматынан бошотулганын «мыйзамсыз» деп эсептейт жана директордук ордун кайтарууну каалайт.

Ошондой эле, ал доо арызында аргасыздан бош жүрүп калганы үчүн маяна жана моралдык зыян төлөп берүүнү талап кылган. «Электр станциялар» ишканасынан Өмүркул уулунун мекемеге каршы берген арызына комментарий бере алышкан жок.

Өмүркул уулу жылуулук борборундагы авариянын айынан ЖЭБдин директорлук кызматынан алынган.

15-мартта Өмүркул уулу Бишкектин жылуулук борборундагы авария курулуп бүтө элек химиялык цехтин айынан болгонун жана аны жаңыртууга 386 млн доллар эмес, 250-260 млн доллар кеткенин билдирген.

«Электр станциялар» ишканасы ЖЭБдин жаңыртылышынын баасын «адекваттуу» деп атап, ал «штаттан тышкаркы кырдаалдар жана үзгүлтүктөр болбостон ийгиликтүү» аткарылганын билдиришкен.  

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоону 2-февралда жарым-жартылай калыбына келтирүү мүмкүн болгон.

Өкмөт күнөөлүүлөргө карата «катаал чараларды» көрүүнү убада кылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев менен техникалык директор Алмаз Жусупбековду кармаган.


ТЕМА БОЮНЧА: