Жалал-Абадда 14 машинаны мыйзамсыз киргизген аткаминерлерге кылмыш иши козголду

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абаддын прокуратурасы жеке нотариус менен көмүскө бүтүмгө барып Кыргызстанга 14 машинаны мыйзамсыз киргизген Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Алар өз аракеттери менен 16 млн 139 миң сом зыян келтиришкен.

Башкы прокуратура билдиргендей, Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин аткаминерлери жеке нотариус жана Казакстандын жарандары менен көмүскө бүтүмгө барып августтан тарта октябрга дейре 14 машина киргизишкен.

«Жеке нотариус кыргызстандыктын жашы жете экектигин билип туруп, анын атынан үч ишеним катты күбөлөндургөн. Натыйжада көрсөтүлгөн авто транспорт каражаттарына департаменттин кызматкерлери тарабынан мамлекеттик номерлер мыйзамсыз берилген», — деп айтылат башкы прокуратуранын маалыматында.

Бирок тергөө амалдары башталгандан кийин жашы жете элек жаран көрсөтмө берип, эч кандай документтерге кол койбогонун жана машина сатып алыш үчүн чет жакка чыкпаганын билдирген.

Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөнүнөн улам мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 16 млн 139 миң сомду түзгөн.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы шектүүлөргө карата «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Кызматтык жасалмалоо», «Жасалмалоо же жасалма документтерди колдонуу», «Аткезчилик» жана «Жеке нотариустардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен колдонуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.     

Иштин материалдары Жалал-Абад облусу боюнча каржы полициясынын бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Мыйзамсыз киргизилген авто унаалардын тагдыры кандай болоорун тергөө чечет.


ТЕМА БОЮНЧА: