Бишкек-Ош жолу көчкү коркунучунан улам үч түнгө жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучунан улам жол кыймылын 17-марттан 20-мартка чейин чектөөгө алды.

Жол кыймылына киргизилген чектөөлөр 17-марттан 20-мартка чейин кечки саат 21:00дан таңкы 06:00га чейин күчүндө болот.

Чектөөлөр «Сосновка», «Арал» жана «Өтмөк» бекеттеринде автотранспорттун бардык түрүнө киргизилген.   

«ӨКМ жарандарды Бишкек-Ош каттамы боюнча түнкү убакыттарда жолго чыгуудан карманууну суранат», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, жол кыймылы көчкү коркунучунан улам жабылды.

ӨКМ мурдараак аталган каттамдын Чычкан капчыгайында 13-мартта көлөмү 2,5 млн метр куб кар көчкү жүрүп жолду бууп калгандыктан үч күнгө чектеген.


ТЕМА БОЮНЧА: