Базар-Коргондо кой айдап бараткан чабанды машина сүзүп каза тапты

Жалал-Абад облусунун Сайдикум айылында 200дөй кой айдап бараткан чабанды ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү жеңил машина сүзүп, киши ооруканага жетпей каза болду. Жол кырсыгында 14 баш кой жана чабандын минип бара жаткан аты да өлгөн.

Жалал-Абад облустук милициясынын тескөөчүсү Нурлан Саркаров «Клоопко» билдиргендей, окуя 17-март күнү кечинде болгон.

«ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаанын 61 жаштагы айдоочусу 200гө чукул койду айдап бараткан чабанды койдуруп кеткен. Натыйжада оор жаракат алган 39 жаштагы чабан ооруканага жетпей көз жумган. Мындан тышкары ошол жерде бир ат 14 баш кой өлгөн», — деди Сарканов.

Анын айтымында, жол караңгы болгондугу үчүн жеңил унаанын айдоочусу чабанды «байкабай сүзүп» алган.

Сарканов айдоочу денесинен жабыркагандыктан Базар-Коргон райондук ооруканасына жаткырылганын кошумчалады.