Орусия: тигүү цехинде 13 кыргызстандыкты «мажбурлап» иштетишкен

Кыргызстандын ИИМ маалымдагандай, Орусиянын Рязан облусундагы тигүү цехинин башчысы 13 кыргызстандыктын паспортторун алып коюп, аларды жумушта мыйзамсыз кармап турган. Укук коргоочулардын айтымында, кыргызстандыктарды «шылдың кылып», «мазактап» жана «ачка калтырышкан».

Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымдашкандай, Рязан шаарындагы тигүү цехтеринин биринде «алыскы жана жакынкы» аймактардан келген 100 мигрантты мыйзамсыз кармап турушкан. Анын ичинен 13ү кыргызстандык.

Укук коргоочулар текшерген учурда мигранттардын паспортун «тартып алып», аларга маяна «төлөп беришпегендиги» жана «ачка калтырышканы»  аныкталган.

«Жумушчулар цехтен сыртка, дарыканаларга да чыгарылбай, алардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи болгон эмес. Кыргызстандын бир атуулу оор шартка көнө албай, өз өмүрүнө кол салууга далаалат кылып, кан тамырын кескен. Күбөлөр тез жардам чакырышмакчы болгондо, фирманын жумушчусу тез жардам акылуу экендигин жана аны оорулуу өз эсебинен төлөөрүн айткан», — деп айтылат ИИМнин маалыматында.  

Жумуш убактысы 12 сааттан көп убакытка созулуп, айрым учурларда 20 саатка чейин жеткен.

«Тамак-аш менен камсыздандырышкан эмес. Түшкү тамактанууга 40 мүнөт бөлүп, бул убакыт аралыгында жумушчулар өздөрү тамак жасап жеши керек болгон. Жетишпей калгандарга 5 000 рубль өлчөмүндө айып пул салып турушкан», — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМден кошумчалашкандай, тигүү цехинин көпчүлүк жумушчусу качып кеткен. Орусиянын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө — цехтин башкармалыгына карата кылмыш иши козголушу мүмкүн. Мекемеден каржы документтер жана көзөмөл камераларынан тасмалар алынган.