Путин кайрадан президент: Орусияда президенттик шайлоо кандай өттү?

Орусиялыктар 18-мартта президентин шайлашты — алдыда 70 пайыз добуш менен Владимир Путин.

Экзит-полдор көрсөткөндөй, Владимир Путин шайлоочулардын 76,67 пайыз добушун алган. Бул көрсөткүч — 56,1 миллион шайлоочунун добушу.

Коммунист Павел Грудинин шайлоочулардын болгону 11,79 пайыз добушун алса (8,6 миллион киши), Владимир Жириновский — 5,66 пайыз (4,1 миллион киши), а Ксения Собчак болсо шайлоочулардын 1,67 пайыз (1,2 миллион адам) добушун алган.

Шайлоодогу жеңиши менен Владимир Путин президенттик тактыда дагы алты жыл — 2024 жылга чейин отурат, бул учурда ал 71 жашка чыгат.

Владимир Путин Орусиянын өлкө башчылыгына биринчи жолу 2000-жылдын 7-майында келген (шайлоочулардын дээрлик 52 пайыз добушу менен). Андан кийин шайлоого ат салышып, эки ирет жеңип чыккан — 2004-жылы (71 пайыз добуш) жана 2012-жылы  (63 пайыздан көбүрөөк добуш менен).

Борбордук шайлоо комиссиясы 18-мартта өткөн шайлоодо «олуттуу» мыйзам бузуу болбогонун айткан.

Оппозиция бюллетендерди топтоп таштоолор жана байкоочуларга коркутуп-үркүтүүлөр болгондугун билдирүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: