Билим берүү министрлиги студенттерди «Медиа Форумдун» жанындагы митингге чогултууну буйруган. Негизи бул мыйзамдуубу?

Билим берүү жана илим министрлиги төрт жогорку окуу жайга (ЖОЖ) 2010-жылдын апрелиндеги революцияга жана 2002-жылдагы Аксы окуясына арналган митингге студенттерди чогултуу жөнүндө буйрук жөнөттү. Студенттерди министрликтин талабы боюнча иш-чарага жөнөтүү мыйзамдуубу же жокпу?

Эмне болгон?

Билим берүү жана илим министрлиги 12-мартта Бишкектин төрт окуу жайларынын кураторлорун 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү боюнча митингге студенттерди чогултууну милдеттендирген буйрук чыгарган.

Митинг 17-мартта «Медиа Форум» имаратынын жанында өткөн. Ага Ж.Баласагын атындагы КУУнин, К.Карасаев атындагы БГУнин, И.Арабаев атындагы КМУнин жана Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенттери (ар бир окуу жайдан 70тен адам) катышышы керек болчу.

«Министрлик окуу жайдын студенттерин жооптуу кызматкерлердин коштоосунда төмөнкү квотага ылайык, аталган иш-чарага катышуусун камсыздоону тапшырат», — деп айтылат буйрукта.

КУУнун кабылдамасы менен КМУнун басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына өз студенттерин митингге жөнөтүшкөнүн тастыктап беришти. КМКТАУнун проректору Сайдулла Абылов окуу жай ал жакка өздөрүнүн студенттерин жөнөтпөгөнүн жана ошол кунү алар Ататүрк атындагы сейил бакта ишембиликке катышышканын айтты. Ал эми БГУнун жетекчилиги митинг жөнүндө суроого жооп берген жок.

Министрликтен эмне деп айтышты?

Мекеменин басма сөз катчысы Марина Гречанная «Клооптун» кабарчысына министрлик студенттер менен кураторлорду 2010-жылдагы апрель ыңкылабында каза болгон адамдардын туугандары тарабынан түзүлгөн «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өтүнүчү боюнча митингге жөнөткөнүн тастыктады.

«Алар бизге өткөн жумада Аксы окуяларына арналган иш-чара үчүн студенттерди жөнөтүү сунушу менен кайрылышкан. Маанилүү окуя болгондуктан министрлик бул сунушту колдоого алган», — деди Гречанная.

Бирок анын айтымында, болуп өткөн иш-чара Аксы окуяларына арналган эместиги белгилүү болгон.

«Бул туурасында биз студенттер менен кураторлордон уктук. Алар бул иш-чара жарыя болгон темага туура келбегени түшүнүктүү болуп калгандан кийин ал жактан кетип калышкан», — деп кошумчалады Гречанная.

Ал эми «Айкөл Ала-Тоо» деп эмне деп атат?

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Амантур Жамгырчиев «Клооптун» кабарчысына алар министрликтен студенттерди митингге чогултуп берүүнү суранышканын тастыктады.

«Биз жыл сайын Аксы жана апрель окуяларынын элесине арналган иш-чараларды өткөрөбүз. Былтыркы жылдан бери бул иш-чараларга студенттерди жана жаштарды чакырабыз, — деди ал.

Жамгырчиевдин айтымында, форумга 1,5 миң адам катышкан. Алар студенттер, артисттер жана коомдук ишмерлер. Ал «Айкөл Ала-Тоо» мындай иш-чараларды студенттер менен жаштар Кыргызстандын тарыхын билиши үчүн өткөрүшөөрүн айтты.

Студенттерди өз ыктыяры менен мажбурлоо түрүндө иш-чараларга жөнөтүү мыйзамдуубу же жокпу?

«Прецедент» компаниясынын юристти Эдил Эралиев мамлекеттик билим берүү окуу жайлары Билим берүү министрликтин буйруктарына баш ийип, министрлик демилгелеген иш-чараларга катышууга милдеттүү экенин айтты.

Бирок бул иш-чараларга студенттерди алардын уруксаты жок катышууга милдеттендирет дегенди билдирбейт. «ЖОЖ өз студенттерин мажбурлабастан, иш-чарага катышууга өз каалоолорун билдирген ыктыярчыларды тандашы керек», — деди Эралиев.

Юристтин айтымында, эгерде студентти ал өзү каалабаган иш-чарага катышууга мажбурлашса, анда ал Билим берүү министрлигине арызданышы керек.