Азыраак жаңылык, көбүрөөк иликтөө, окуя жана түшүндүрмө материал.

Кыргызстандыктарга мааниси жана сапаты жагынан чоң өлчөмдө ар тараптан жаңылыктар сунушталат. Окшош жаңылыктар дээрлик бардык басылмаларда жарык көрөт: көбүнесе бул пресс-релиздердин негизинде жаңылыктын темасы менен контекстин түшүндүрүп берген кайра басып чыгаруудан турат. Ооба, басылмалардын көпчүлүгү ушинтип эле иштешет, эгерде сизге бул ачылыш болсо, анда — та-дам! тилекке каршы, ушундай.

Бир четинен маалымат агенттиктерин түшүнсө болот — алардын ишинде тездик, сан жана окуумдуулук маанилүү (өзгөчө бул коммерциялык басылмалар үчүн маанилүү). Бирок мындай ыкма журналисттердин көзүн майланыштырып, аларга өнүгүүгө жол бербей жана аягы жок кайталанган «коёндой окшош» күндөр менен жашоого аргасыз кылат: ойгоносуң, жумушка барасың, ченемди аткарыш үчүн жаңылык издейсиң, материал жазасың, үйгө барып, уктап каласың.

Жаңылыктардын көптүгү болгон окуяларды жана алардын келип чыгуу себептерин терең түшүнүүгө мүмкүндүк бербейт, анткени материалды тезирээк тапшыруу керек болушу ыктымал. Басылмалардын өздөрү ресурстарын көлөмдүү материалдарга жумшоого деле ашыгышпайт, анткени алардын мээнети акталабы же жокпу белгисиз. Инвестиция тарабынан алып караганда, басылмалар үчүн бул чынында эле тобокел иш: лонгрид жасоо үчүн убакыт жана акча коротконуң менен аны кыргызстандыктардын чучукка карата патриоттук сезимдерин басмырлаган кайсы бир чет элдик жөнүндө жаңылыкка караганда аз окушат.

Биз ROI (инвестициянын кайтуусу) окумдуулукка караганда абдан эле башка көрсөткүчтөрдө жатат деп эсептейбиз. Мисалы, сиздин жашооңуз канчалык жеңилдегенинде же сиз бизге канчалык деңгээлде ишене баштаганыңызда.

Мунун баарын, анан дагы мындан ары кандай иштешибиз керек экени жөнүндө ойлонуп чыгып, биз өзүбүздүн ишибиздин бир нече жаңы принциптерин жазып чыктык. Ал жөнүндө сиз кабардар болушуңуз керек деп эсептейбиз (албетте, бул эски принциптерди жокко чыгарбайт).

• Эмне үчүн бул башкача эмей эле дал ошондой болуп атат жана эмне үчүн маанилүү же анчейин маанилүү эмес экенин түшүндүрүү

Дүйнөнү маалыматтык чуунун агымында түшүнүү — оор. Биз муну оңдоп, сиздерге аны түшүнүүгө жардам берүүнү каалайбыз. Маанилүү чечимдер кандай жана эмне үчүн ушундай кабыл алынганын, андан улам эмне өзгөрөөрүн жана мунун бардыгы сизге кандай таасир этээрин көрсөтүү.

• Адамдардын ортосундагы байланышты курууга жардам берүү

Көп учурда биз өзүбүздүн маалымат баштыкчаларыбызда жашайбыз жана анын тышында жашоо кандай өтүп жатканын көп деле көрө бербейбиз. Аткаминерлер өз жарандарын түшүнүшпөйт. Ата-энелер өз балдарын таанышпайт. Бир эле түшүнүк менен жүргөн адамдар, калгандары башкача ой жүгүртөөрүн көрүшпөйт. Биздин редакцияда мындай коомчулуктардын ортосунда бирин-бирин жакындан түшүнүүгө жардам бере турган көпүрө куруу жакшы идеядай көрүнүүдө.

• Жашооңузду жеңилдетүүгө аракеттенүү

Дүйнөдө ар кандай кайгы-капа көп: кай бир жерде кимдир бирөө жашоо менен кош айтышат, аткаминерлер бюджеттен акчаңызды уурдашат, жолдор жана тротуарлардын абалы өтө начар, саясатчылар бардыгыбызга таасир эткен жаман же түшүнүксүз мыйзамдарды кабыл алышат. Эгерде биз өзүбүздүн материалдардын жардамы менен сиздерге эмне, кандай иштеп жатканын түшүндүрүп же оңдоп бере алсак, анда бул кайгы-капа кичине болсо да азаят, ал эми биз аз да болсо бактылуу болуп калабыз.

Окурман үчүн эмне өзгөрөт?

• Орто көлөмдөгү жаңылыктардын тексти азайып бирок абдан кыска же узунураак же кеңири баяндаган материалдар көбөйөт.

• Күн тартибиндеги жаңылыктардын эң маанилүүсү гана чыгат, күн алыс орун алган кримхроника жана башка окуялардын саны азаят.

• Окурмандардын суроолоруна жооп берген түшүндүрмө материалдар көбөйөт.

• Биз сөздөргө же билдирүүлөргө көз салбай, аракеттерди байкоого ала баштайбыз.

• Иликтөөлөр жана көлөмдүү репортаждар көбөйөт.

• Биз саясатчылар менен аткаминерлерден аткарылган убадалары жөнүндө байма-бай сурай баштайбыз.

«Клооптогу» бул өзгөрүүлөр ар бир окурман үчүн мындан ары дагы да пайдалуу, кызыктуу жана керектүү болуубузга өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

Биз менен бирге болуңуздар!

Урматым менен,

Элдияр