Ош шаарынын борбордук аянтында үч миңдей адам Нооруз майрамына күбө болду. Майрамдык салтанатта сүмөлөк таратылып, театралдык оюн-зоок, салттык жөрөлгөлөр жана концерттик программа менен коштолду. Нооруз Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Кыз-жигит» сармерден менен уланды.

Авторлору: Айбике Амангелди кызы, Алмашкан Кубатбек кызы