«Фэйсбуктун» Cambridge Analytica менен чыр-чатагы. Үч абзац менен түшүндүрүп беребиз

Кембриждин изилдөөчүсү Александр Коган 2014-жылы «Фэйсбукта» өздүктү аныктаган тестирлөө колдонмосун түзгөн. Бул тест бир гана колдонуучулардын эмес, алардын досторунун да макулдугун алган — коомдук тармактын эрежелери ал кезде буга мүмкүндүк берчү.  Жалпы жонунан тесттен өздөрүнүн 50 млн досунун маалыматтарын камсыздап беришкен 270 миң адам өтүшкөн. Андан соң Коган бул маалыматтарды анализ жана маркетинг изилдөөлөрү менен иштеген британиялык Cambridge Analytica компаниясына саткан.

Cambridge Analytica компаниясынын мурдагы кызматкери Кристофер Вайлинин көрсөтмөлөрүнө ылайык, компания бул маалыматтарды АКШнын президенти Доналд Трамптын шайлоо өнөктүгүндө колдонгон. Алар чогултулган маалыматтардын негизинде «Фэйсбук» колдонуучуларынын тандоосуна жана көз караштарына таасир этүү үчүн релеванттуу (ылайыктуу) саясий жарнамаларды көрсөтүшкөн. Ошентип британиялык компания шайлоодо Трампка жеңишке жетүүгө жардам берген деп эсептелинет, бирок канчалык деңгээлде экени белгисиз.

Cambridge Analytica менен болгон чыр-чатак «Фэйсбукка» да таасир эткен. Негизинен, бул кырдаал жеке жана купуя маалыматтардын коопсуздугу боюнча маселени көтөрүп, «Фэйсбуктун» акцияларынын баасынын төмөндөп кетишинен улам компания 6 млрд зыянга учураган. АКШ менен Улуу Британияда коомдук тармакка карата иликтөө башталды. Твиттерде «Фэйсбукту» колдонуудан баш тартуу чакырыктары айтылган акция өтүп жатат. Ошондой эле, бул акцияны WhatsAppтын тең түзүүчүсү Брайан Эктон да колдоого алган. Эктондун колдонмосун 2014-жылы «Фэйсбук» 16 млрд долларга сатып алган.

Channel 4нун Cambridge Analytica жөнүндө сюжети (англис тилинде):