Күндүн саны: Автотранспорт агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы мамлекетке канча зыян келтирди?  

Кыргызстандын транспорт прокуратурасы Автомобиль, суу транспорту жана салмактык-көзөмөл агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы мамлекетке 9 млн сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктады.

Өткөн жылдын ноябрь айынан тарта 2018-жылдын 10-январына чейин «Экспорт» процедурасы аркылуу «Жалал-Абад» бажысы 108 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн 3 миң 501 тонна салмактагы мазутту каттоодон өткөргөн.

Текшерүүдө коңшу өлкөгө ташылып бараткан жүк «Жаңы-Арык», «Каратай», «Сары-Таш» жана «Карамык» транспорт көзөмөл бекеттеринен таразалоо процедурасыз өткөрүлгөнү аныкталган.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, 108 жүк ташуучу транспорттук каражаттардын ичинен 67де жүктүн оордугу ашыкча болгон. Жыйынтыгында, өлкөнүн автомобиль жолдоруна 9 млн 474 миң сом каражаттагы зыян келтирилген», — деп маалымдайт Башкы прокуратура.     

Мекемеден билдиришкендей, жогоруда көрсөтүлгөн транспорт көзөмөл бекеттеринин жана транспорттук көзөмөл мобилдүү группалардын башчылары жана инспекторлор, Автомобиль, суу транспорту жана салмактык-көзөмөл агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын тийешелүү кызмат адамдары менен биргеликте көмүскө бүтүмгө барып, мазуттун тоскоолдуксуз ташылуусуна жол беришкен.

Аталган факт боюнча, Кыргызстандын транспорт прокуратурасы тарабынан жогорудагы мекемелердин тийешелүү кызмат адамдарына жана инспекторлорго «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура азырынча айыпталуучулардын аты-жөнүн жана кызмат ордуларын ачыктай элек.

Буга чейин марттын башында ушул эле берененин негизинде Агенттиктин Ош аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басарына каршы кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратынанын маалымат кызматы кабарлагандай, орун басар «Эркечтам» транспорт көзөмөл жайынын башчысы жана башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, былтыркы жыл аралыгында 651 жүк ташууучу автоунаага бир жолку атайын уруксат кагазын берип, мыйзам бузган.