УКМК экс-депутат Осмоналиевге абитуриенттерден пара алуу боюнча айып такты

Каныбек Осмоналиев. Сүрөт: «Азаттык»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-депутат жана мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиевге Кыргыз-орус Славян университетинин медициналык факультетинин абитуриенттеринен пара алуу боюнча айып такты. Ал эми Осмоналиев өзүнө каршы ишти «саясий мүнөздүү» деп атады.

УКМКнын басма сөз кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, Осмоналиевге Кыргызстандын чет жакасына чыгууга тыюу салынган. Атайын кызматтын өкүлү билдиргендей, иликтөө экс-депутат жана мурдагы билим берүү министри Кыргыз-орус Славян университенин медициналык факультетине тапшыруу үчүн абитуриенттерден пара алганын далилдеген.

«Иштин материалдары андан ары сотко өткөрүлүшү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү», — деп билдиришти УКМКдан. Осмоналиевге «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «Опузалап пара улуу» беренелери боюнча айып угузулду.  

Ал эми Осмоналиев «24.kg» басылмасына өзүнө каршы ишти «саясий мүнөздүү» экенин билдирген.

Анын айтымында, иш 2015-жылы жабылган. Ал эми азыр аны иштин фигуранттары катары Кыргыз-орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев менен мурдагы билим берүү министри Канат Сыдыков да өтүп жатканына карабастан, бир гана өзүнө каршы жандантышкан.

«Бирок азыр аларга дооматтары жок экен. Мага деле тийишишпейт деп ойлогом. Бирок УКМКнын Антикоррупциялык кызматы (АКС) бул ишти Башкы прокуратурага өткөрүп беришип, менден тышка чыкпоо жөнүндө тил катын алышты. Мен муну саясий мүнөздүү иш деп атайм», — деди Осмоналиев.

Башкы прокуратура Осмоналиевге каршы ишти 2014-жылы «студенттерди окуу жайга мыйзамсыз тапшыртуу» жана «пара опузалоо» айыптоолорунун негизинде козгогон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, экс-депутат 27 абитуриентти Кыргыз-орус Славян университетине тапшыртуу үчүн алардын ата-энелеринен 14 миң доллар акча алган.