Ош: Небересин «сатууга аракет кылган» аял кармалды

Ош шаарынын милициясы 59 жаштагы аялды небересин 20 миң сомго «сатып жаткан учурда» кармап, ага «адам сатуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ички иштер министрлигинен «Клоопко» кабарлашкандай, Ош облусунун тургуну 22-март күнү небересин «сатууга камданып атканда» кармалган. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук милициясына шаар тургуну билдирген.

«Ош шаарында милиция кызматкерлери атайын операция учурунда 59 жаштагы аял кызынын баласын 20 миң сомго баалап, акчасын колго алгандан кийин кармалган», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Маалыматка ылайык, ымыркай социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилген.

59 жаштагы аял убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, ага «адам сатуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.