Кыргызстан насыя берүүчүлөрдүн алдында карыздын чегин бекитти. Бул кандай?

Ошол кезде Кыргызстандын транспорт министри болуп турган Калыкбек Султановдун (солдо) Кытайдын «Эксимбанкынын» делегациясы менен жолугушуусу. Банк Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 400 млн доллар насыя бөлүп берген. Жалпысынан Кыргызстан ага 1,7 млрд доллардан ашуун акча карыз. Сүрөт: «Кабар»

Кыргыз өкмөтү өлкө бир насыя берүүчүдөн карыз ала ала турган акчанын өлчөмүнөн өзүн чектеди — чек тышкы карыздын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан ашуун болбошу керек. Бул көрсөткүчкө барынан да Кытайдын «Эксимбанкы» жакын. Кыргызстан ага 1,7 млрд доллардан ашуун акча карыз — бул өлкөнүн тышкы карызынын 43 пайыздан ашууну.

Эмне болду?

Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн тышкы карызын 2020-жылга чейин башкаруу стратегиясын кабыл алды — ал 23-мартта күчүнө кирген. Жаңы документ боюнча, Кыргызстандын карызы бир насыя берүүчүнүн алдында өлкөнүн жалпы тышкы карызынын 50 пайызынан ашпашы керек.

Чек экономиканын туруктуулугун колдоо жана тышкы карызга байланыштуу тобокелчиликтерди азайтуу үчүн коюлду.Бул эмнени билдирет?

Кыргызстан чет элдик насыя берүүчүлөргө 3,9 млрд доллар карыз анын ичинен 1,7 млрд долларды ал Кытайга карыз болуп калган, тактап айтканда, Кытайдын мамлекеттик «Эксимбанкына». Бул өлкөнүн жалпы тышкы карызынын 43 пайыздан ашууну.

Source: Финансы министрлиги · Get the data · Created with Datawrapper

Бул деген Кыргызстан баш аягы жок эле насыя ала албайт дегенди билдирет, мисалы, Кытайдын «Эксимбанкынан». Бирок, эгерде карыздын үлүшү анын алдында 50 пайызга жетсе, анда өлкө Кытайдын башка эл аралык насыя берүүчү уюмдарынан акча ала алат.

Американын Center for Global Development аналитикалык борборунун изилдөөчүлөрү Кыргызстанды насыя карызынын өлчөмүнүн айынан Кытайдын алдына «каржылык жактан алсыз» деп аташууда.

Март айынын ортосунда Кытайдын элчиси Сяо Цинхуа Кыргызстандын Кытайдын алдына өз карызын жабуудан башка жолу жок экенин билдирген. Бул деген Кытай 2018-жылдын башында 240 млн доллар өлчөмүндө кыргыз карызын кечкен Орусия эмес дегенди билдириши мүмкүн.

«Кытай насыяларды жеңилдетилген шартта берет. Кыргызстан мындан пайда тапканын бардыгыбыз билебиз. Насыяны төлөө келишим боюнча жүзөгө ашырылат. Кытай тарап башка жолдорду карабайт», — деп айткан элчи.

2017-жылдын январына чейин Кыргызстанда мамлекеттик карыздын суммасына чектөө киргизилген — ал өлкөнүн ИДПсынын 60 пайызынан ашпашы керек болчу. Бирок 2016-жылы жаз айларында экс-президент Алмазбек Атамбаев бул чектөөнү кыскартып салган — ошондон бери Кыргызстандын карызынын өлчөмүн «эл аралык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен» өкмөт аныктай баштаган.

Кыргызстан Кытайдын насыяларын кайсыл максаттарга алат?

Жалпысынан Кыргызстан «Эксимбанкка» 1,7 млрд доллар карыз.

Кыргызстан 2014-жылы 400 млн доллар насыяны Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушуна алган. Бул насыя боюнча Кыргызстан 20 жылдын аралыгында пайыздарды кошуп Кытайга 500 млн долларга чукул каражат төлөп бериши керек.

Жолдун курулушун 2020-жылы бүткөрүү пландалууда жана аны толугу менен бүтүрүүгө Кыргызстанга дагы 450 млн доллар керектелет.  Өкмөт келечекте бул жолдон өтүүнү акылуу кылуунун үстүндө ойлонууда.

Бишкек ЖЭБин жаңыртуу да Кытай насыясынын 386 млн долларына жүргүзүлгөн. Пайыздарын кошуп Кыргызстан Кытайга 500 млн долларга чукук акча төлөп бериши керек. Жылуулук борборунун жаңы блогун 2013-жылы куруп баштап, 2017-жылдын жаз айларында бүтүрүшкөн.

2018-жылдын январында жылуулук борборунда болгон авариядан кийин Кыргызстандын парламентинин депутаттары жаңыртууга кеткен чыгымды изилдей башташкан — алар ЖЭБдин жаңы блогун курууда коррупция болгон деп шектенишүүдө.

Күчтүү коомдук резонанс жылуулук борбордун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу тараткан документтердин чыгышына түрткү болгон. Ошол документтер боюнча аттиштер 320 доллардан, өрт өчүргүчтөр 1600 доллардан сатылып алынган. Өмүркул уулу жаңыртуунун баасы болжолдуу 100 миң долларга жогорулатылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Мындан тышкары, Кытай берген насыя «Датка» жана «Датка-Кемин» электр линиясынын курулушуна сарпталган — бул 208 жана 389 млн доллар.