Эмне себептен Бишкекти пландоо долбоорунун айланасында талаш-тартыш көп? Түшүндүрөбүз

Авторлордун идеясы боюнча мэриянын жанындагы Бишкектин району ушундай көрүнүшү мүмкүн. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

Бийлик тараптан иштелип чыккан Бишкектин так пландоо долбоору активисттердин суроолорун жана кооптонууларын жаратууда. Долбоорудун жаратуучулары тургундарга өздөрүнүн шаарды өнүктүрүү боюнча идеясын түшүндүрүүгө аракет кылышууда, бирок, кыязы, анчейин ийгиликтүү болбой жаткандай. Эмне себептен документтин айланасында талаш чыгып атканын түшүндүрөбүз.

Бишкектин так пландоо долбоору (ТПД) — бул Бишкектин борбору 2035-жылга чейин кандай өнүгө турганы боюнча элеси. Аны Бишкек мэриясынын тапшырмасы боюнча Мамлекеттик долборлоо инстутутунун адистери иштеп чыгышкан.

Бирок бардыгы биз ойлоп аткандай жөнөкөй эмес. Сынчылар ТПДнын учурдагы вариантын кабыл алуу бардык талаштуу курулуштарды мыйзамдаштырат, ал эми документти курулуш компаниялары «сүрөмөлөшкөн» деп айтышууда.

ТПДны жалпак тил менен түшүндүрүп бере албай жатышат

Долбоорду кабыл алыш үчүн аны коомдук угулаар аркылуу өткөрүү керек, аны өзгөрүүлөргө түздөн-түз тийиштиги бар шаардыктар менен талкуулоо шарт. Коомдук угуу 14-февралдан бери уланып келүүдө жана анын жыйытыктоочу уктуруусу 9-апрелде өтөт.

Бул убакыт аралыгында шаар бийлиги документке тийиштиги бар Бишкектин төрт районунда талкуу уюштуруп, долбоорду парламенттин депутаттарына пикирин угуу үчүн беришти.

Бирок шаардыктар, укук коргоочулар жана парламенттин мүчөлөрү ТПДны сынга алышты. Нааразылык жаралганына анын түшүнүксүз болгону себеп болууда. Анткени долбоорчулар ачык пайдаланууга кандайдыр бир түшүндүрмөлөрү жок болгону үч графикалык чиймелерди чыгарышкан.Ар бир уктуруу уюштуруучуларды кошкондо 70ке чукул адамды чогултууда — катышуучулардын аз болуп жатканы долбоорду талкуулоо жөнүндө маалыматты табууга кыйын болуп жатканы менен түшүндүрүлүүдө.

Талкуу маалында шаардыктар ТПД эмне экенин аягына чейин түшүнбөй, өз үйлөрүнө же үйлөрүнө жакын жер тилкелерине тийиштүү суроолорду, мисалы, «Слоники» гүл багы сүрдүрүлөбү же жокпу, Чатыр-Көл кинотеатрынын жанындагы бакчага курулуш түшөбү же түшпөйбү, бийлик мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрөбү же жокпу деген сыяктуу суроолорду беришүүдө.

Долбоордун авторлору тургундардын суроолоруна түз жооп бере алышпайт, анткени тигил же бул кварталды куруудагы схеманы иштеп чыгуу баскычында жекеме-жеке чечүү керек.

ТПД функционалдык гана чөлкөмдөрдүн чек араларын аныктайт. Алар: турак-жай, жашыл жана транспорттук аймактар.

«Шаардык демилге» фондунун адиси Атай Самыйбек тургундарга документтин түпкү маанисин жана шаарды өнүктүрүүдө канчалык керектүү экенин түшүндүрүп беришкен эмес деп айтууда. Анын айтымында, бийлик маалыматты «үзүп-үзүп» берүүдө жана элдер «толук сүрөттү» көрө албай жатышат.

«Бул документ шаардыктардын ишенбестигин жаратып, көңүлүн чөктүрүп атат. Анткени адам өзүн бул тема боюнча "мокок" сезип атат», — дейт ал.

Самыйбек долбоорчулар тургундарга болгону шаарда эмне өзгөрө турганын жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүүлөрү гана керек болчу деп эсептейт.

«Коомдук уктурууларды өткөрүү керек делген айрым нормативдик актылар бар. Коомдук уктуруулар кагазда белгилениши үчүн эле өткөрүлүп жаткандай сезим пайда болуп атат. Уктурууларда конструктивдүү пикир алышуу болбойт, анткени алар көрсөтүлгөн маалыматтын негизинде жакшыраак кеңештерди бере алышпайт», — деп эсептейт Самыйбек.

«Шаардык демилге» фонду уктуруулардын юридикалык баасын өткөрүштү — алардын жыйынтыгына ылайык, бийлик ТПДны бир гана схемаларда эмес, тексттик документтерде түшүндүп берип, финансы-экономикалык эсептерди, статистикалык маалыматтарды, ыктымал социалдык жана экономикалык кесепеттердин божомолун көрсөтүшү керек болчу.

Мамкурулуштун алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Эрик Ирискулбеков бийлик толук жана түшүнүктүү маалымат бербей атат, анткени алар өздөрүнө керектүү долбоорду «сүрөөнгө» алууну каалап жатышат деп эсептейт.

«Тийиштүү баяндоосу жок эле бир нече сүрөттү чыгарып коюшкан, шаардыктардын башын айлантып, долбоорду сүрөмөлөйүн деп атышат. [...] Коомдук уктуруулар өтүп жаткан райондук администрацияларда долбоорчулар өз ТПДсын түшүндүрүп бере алышпай жатышат. [...] Бул долбоор курулуш компанияларынын кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккандай сезим жаралууда», — деп эсептейт ал.

Бирок долбоордун авторлору билдиришкендей, ТПД шаардыктардын кызыкчылыгын коргогон шаардык депутаттар менен макулдашылган жана бир нече жолу шаар куруучу архитектура кеңешинде каралган. Ошондой эле, алар бардык сунуштар үчүн ачык экенин жана ТПД жөнүндө кененирээк айтып берүүгө даяр экендигин айтышууда.

Ошого карабастан, долбоордун айрым авторлору мындай документтерди кесипкөй чөйрөдө гана талкуулоо керек деп эсептешет, анткени шаардыктардын тийиштүү даярдыктары жок.

«Менин оюм боюнча, коомдук уктуруулар бүтүндөй калк менен эмес, адис адамдар менен өткөрүлүшү керек», — дейт Архитекторлор бирикмесинин төрагасынын орун басары Белек Сарымсаков.

Алынган жерлер

Шаардыктарды кооптондурган экинчи маселе — бул коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн үйлөрдүн жанындагы жер тилкелерин же үйлөрду алып коюу. Жер кодексине жерлер архитектуралык-курулуш документациясын камсыздоо үчүн алынып коюулушу мүмкүн экени жазылган «мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар» түшүнүгү киргизилген.

Укук коргоочу жана «Биздин укук» (Наше право) фондунун башчысы Калича Умуралиева бийлик ТПДга таянып, үй жанындагы жерлерди алып коюшу мүмкүн деп кооптонууда.

«Бул ТПДны кабыл алуу, архитектуралык документация жөнүндө жобо киргизүү мажбурлап алып коюу үчүн негиз болот. Мунун бардыгы курулуш компаниялары тарабынын сүрөмөлөөлөрү. Биздин маморгандар болгону алардын буйрутмаларын аткарышууда», — деп эсептейт ал.

Ирискулбеков мамлекет жер тилке ээлери менен кантип келише тургандыгы боюнча маселе азырынча чечиле элек деп эсептейт. «Кызыл китептин (жер документтери) болушу адамга эч кандай кепил болбосу иш жүзүндө көрүнүп эле турат», — дейт ал.

«Шаардык демилге» фондусундагы Атай Самыйбек мэрия ТПДны ишке ашыра албай калышы ыктымал деп деп эсептейт, анткени жерлерди жеке менчик ээлеринен сатып алуу үчүн акча, механизм жана тартип жок.

ТПДнын жаратуучуларынын башкы кеңешчиси Жанузак Кулбатыров жеке менчиктеги жерлерди сатып алуу үчүн акча жок экенин мойнуна алып, бирок жеке менчиктин корголушуна Конституция кепил экенин, ошондуктан жерлерди эч ким күчкө салып албасын белгиледи.

«Бардыгы [жерлердин алынып коюусунан] коркушат. Бул шаардын калкы укуктук маселелер боюнча кабардар эмес экенине байланыштуу. Биздин конституция менен мыйзамдарыбыз толук түрдө жеке менчикти коргойт. Көптөгөн адамдар мамлекет кун төлөп бербей туруп, ТПДга ылайык жерлерди тартып алат деп ойлошот. Мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес», — деп эсептейт Кулбатыров.

«Бишкек башкы архитектуранын» начальниги Асхат Түлөбердиев шаар муктаждыгы үчүн жеке менчиктеги жерлер сатылып алынышы керек деп айтууда.

«Мыйзамдарга ылайык, кыймылсыз мүлккө байланыштуу операциялар сатып алуу жолу менен базар баасы боюнча сүйлөшүүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат. Ага мисалдар бар. Былтыркы жылы жолдор реконструкциядан өткөн, айрым үйлөрдун жер тилкелери кеңейтиле турчу жолго туш келип калган. Базар баасы боюнча жер тилкелер сатылып алынган, тактап айтканда сотиги 20 миң доллардан», — деп түшүндүрдү ал.

Жер кодексинде мамлекет жерлерди өзгөчө учурларда гана тартып ала алат деп айтылат:

• эгерде жер тилкеси өз багыты боюнча пайдаланылбаса;

• эгерде мамлекет аны коомдук муктаждык үчүн сатып алып жатса;

• эгерде анын ээси жер үчүн төлөбөй жатса.

Анткен менен мамлекет жеке турак-жайлар курулган же көмөкчү чарба жүргүзүлүп жаткан жерлерди муниципиалдык жана коомдук муктаждыктар үчүн бекер эле алып коё албайт. Бирок бийлик жер участогун менчик ээсинен макулдашуу боюнча же сот аркылуу сатып алып коё алат.

2016-жылы Жалал-Абадда жолдорду кеңейтүү үчүн 38 короо менен чакан үй сүрдүрүлгөн. Тургундар аз өлчөмдө кун төлөп коюшту, ал акчага эч нерсе куруп алууга болбойт деп арызданышкан. «Интербилим» коомдук бирикмесинин укук коргоочуларынын айтымында, бийлик жерлердин бир чарчы метрин 600 сомго баалашкан.

Ошто 2016-жылы бийлик чек ара бекетин кеңейтүү үчүн 150 чарбалык курулушту жана эки үйдү сүрдүргөн. Анда да тургундар кун абдан аз төлөнгөнүнө арызданып чыгышкан. Алардын айтымында, бийлик базар баасы 9 млн сомду түзгөн турак үйлөрүн 6 млн сомго баалап койгон.

2017-жылдын май айында КСДПнын депутаты Айнуру Алтыбаева билдиргендей, Ош облусунун тургундары бир жарым жылдан ашык убакыттан бери мамлекеттик муктаждыктар үчүн алынып коюлган жерлер үчүн кундарды ала албай келишет. Анын айтмында, бийлик Өзбекстан менен чектеш өткөрмө бекетин жаңыртуу үчүн 34 үйду алып койгон.

«Эл мамлекеттик кызыкчылык үчүн өз эрки менен үйлөрүн берүүгө макул болгон. Бирок 2015-жылдын ноябрынан баштап алар кун ала албай келишет. Алар жаңы жер тилкелерин өздөштүрүп, өздөрүнө турак-жайларды салышы керек да», — деп айткан ал.

Мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштыруу

«Кыргызстан» фракциясынын парламентарийи Тынчтыкбек Конушбаев ТПДнын авторлору анда коррупция үчүн кынтыктарды калтырышкан деп эсептейт.

«… Силер керек болсо борбордук көчөлөрдө канча кабаттуу үйлөр курулушу керектигин ачык жазбапсыңар. Муну менен силер коррупцияга жол ачып жатасыңар. Же буга чейин курулган үйлөргө уруксат берип коюп, жасаган мыйзамсыз иштериңерди жаап-жашыруу үчүн деталдуу планды каалагандай кылып жазып атасыңар», — деп билдирген ал.

Укук коргоочу Умуралиева да ТПД иштелип жаткан учурда курулган бардык имараттарды мыйзамдаштырып коюшу мүмкүн деп эсептейт.

«Бул жылдар аралыгында, тактап айтканда так пландоо долбоору жок кезде биздин мэрия шаарды мыйзамсыз курган. Көптөгөн учурда курууга тыюу салынган жалпы колдонуудагы жерлерде көп кабаттуу, жеке турак-жайлар, соода борборлору пайда болгон. [...] Мыйзамсыз жерлерди мынтип мыйзамдаштуруу — бул кылмыштуулук», — деп эсептейт ал.

«Шаардык демилге» фондунун адиси Атай Самыйбек да ТПД «талаштуу шаар куруу чечимдерин мыйзамдаштырышы» мүмкүн деп деп айтууда.

Бирок бул жерде да долбоорчулар сын-пикирлерге макул эмес. ТПДнын жаратуучуларынын башкы кеңешчиси Жанузак Кулбатыровдун ырастоосунда, алардын долбоору эреже бузуулар менен курулган имараттарды мыйзамдаштыра албайт.

«Азыркы эреже бузуулар боюнча айтсам, так пландоо долбоорунда бул эреже бузуулар мыйзамдаштырылбайт. Эгерде башкы план боюнча аймак жашыл чөлкөм деп аныкталган болсо, анда ал ТПДда жашыл чөлкөм катары сакталып кала берет. Ал жактагы азыркы күндө салынган курулуштар боюнча маселе Маданият министрлиги менен макулдашылып чечилиши керек. Ал бул аймактарды коргоо тартибинин долбоорун иштеп чыгышы керек. Бул документ азыркыга чейин жасала элек», — дейт Кулбатыров.

Анын айтымында, ТПДнын максатына мыйзамсыз курулуштарды эмес, функционалдык аймактарды аныктоо кирет.

«Биз тигил же бул курулушту жүргүзүүдө кандай эреже бузуулар болгонун билбейбиз. [...] Биз кайсыл объектилерди сүрдүрүү керек экенин аныктай албай койдук. Мыйзамсыз курулуштардын көйгөйү курулуш жүргүзүү схемасы иштелип чыккандан кийин чечилиши мүмкүн», — деп билдирди ал.

Мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору Жыргалбек Асаналиев курулуш жүргүзүүдө коррупцяны азайтуу үчүн долбоорду мүмкүн болушунча тезирээк кабыл алыш керек деп эсептейт.

«Эгер бул планды иштеп чыгууга эрте акча бөлүп, 5-6 жыл мурда эле кабыл алганыбызда ошол "коррупциялык" делип жаткан иштерге жол берилбейт болчу», — деп билдирди ал.

Бирок айрым шаар тургундары долбоорго каршы чыгып, 3-апрелде митингге чыгууну көздөшүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА: