Исаков мамкызматкерлерди кыскартууну талап кылган, бирок анын планы үч айдан бери иштеп чыгарыла элек

Мамлекеттик түзүмдөрдү оптимизациялоо боюнча комиссия февраль айында эле премьер-министр Сапар Исаковдун алдында мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу планы жөнүндө отчет бериши керек болчу. Бирок марттын аягына карата бул анализдин жыйынтыгы дале болсо чыга элек.

Исаков 8-январда өкмөттүк маморгандарда бери эле дегенде 10% штаттык кызматкерлер кыскартылаарын билдирген. Премьер-министр ведомстволор аралык комиссияга бир айлык мөөнөттө мамлекеттик органдардын түзүмдөрүнүн жана системанын оптималдуулугуна анализ жүргүзүүнү тапшырган.

Кызматкерлердин сапаттык курамын анализдөө үчүн мамлекеттик органдардын статс-катчылары жоопту болушкан — алар 10 күндүн ичинде мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча пландар жөнүндө отчет берүүлөрү керек болчу.

Дээрлик үч ай өткөндөн кийин комиссия жана айрым статс-катчылар дале болсо өз анализдерин бүтүрүшө элек жана мамлекеттик органдардын жумушун оптимизациялоо боюнча планын көрсөтүшө элек.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу «Клооптун» журналистине билдиргендей, оптимизация иши «жүргүзүлүүдө», бирок азырынча кыскартуулар качан болоору белгисиз.  «Качан белгилүү болот ошондо силерге кабарлайм», — деди ал.

«Клооптун» редакциясы Кыргызстандын 12 министрлигин кыскартуу иштери кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу сурамжылоого алды — ведомстволордун дээрлик бардыгы билим берүү жана эмгек министрлигинен тышкары эч кимиси өз анализин бүтө элек, ал эми министрликтин үчөөсүнөн кийинчерээк жооп берүүнү убада кылышты.

Билим берүү министрлиги: 41 адамды кыскартуу сунушталууда

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлерди анализдөө аягына чыккан жана мекеме 41 жумуш ордун кыскартууну сунуштап жатат:

• 6 — Билим берүү министрлигинин борбордук аппаратында;

• 1 — илим департаментинде;

• 3 — башталгыч профессионалдык билим берүү агенттигинде;

• 31 — аймактык органдарда.

Эмгек министрлиги: 170 кызматкерди кыскартуу сунушталууда

Басма сөз катчы Кымбат Кыдыралиева маалымдагандай, эмгек министрлигинде азыр статс-катчы жок, ал эми кыскартуу маселеси менен министрдин орун басары Зууракан Каденова алектенүүдө.

«Ооба, чындыгында эле бизде 10 пайызга кыскартуу болот. Жада калса бардык ведомствонун алдындагы мекемелер 10 пайызга кыскартылат», — деп билдирди басма сөз катчы, бирок кийинчерээк кыскартыла турган кызматкерлердин так санын тактап берди — 170 адам.

Эмгек министрлигинин кадр бөлүмүнүн жетекчиси Асел Мамырова оптимизация боюнча схема даярдалып, өкмөттүн аппаратына жөнөтүлгөнүн айтты.

«Оптимизация долбоору азыр кароодо. Менин түшүнүгүм боюнча, оптимизация схемасы өкмөттүн аппараты менен биргеликте тартылат», — деди ал.

Ички иштер министрлиги: «эбак эле оптимизация жүргүзүлгөн»

ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, былтыркы жылы министрликте президенттин буйругу боюнча кыскартуулар жүргүзүлгөн.

«Бүгүнкү күндө бизге коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн инпекторлор, жашы жете электердин иши боюнча жана аймактык инспекторлор жетишпей жатат. Ошентсе да ИИМ өкмөткө өз сунушун киргизди. Мындан ары кандай болоорун алар өздөрү чечишет», — деп билдирди ал.

Юстиция министрлиги: «анализдөө процессинде»

Юстиция министрлигинин басма сөз катчысы Аида Кадырова кызматкерлердин сапаттык курамынын анализи боюнча комментарийлер ал жыйынтыкталгандан кийин «болжолдуу, апрелде» болот деп айтты.

«Биз азыр болгону жыйытыктарды даярдоонун үстүндө иштей баштадык. Биз анилиз жүргүзүү проццесиндебиз», — деди ал.

Финансы министрлиги: «анализ жүргүзүлүп жатат»

Басма сөз кызматтын башчысы Гүлмира Түгөлбаева кызматкерлердин сапаттык курамы боюнча анализ «учурда жүргүзүлүп жатканын» жана ал жакынкы эки-үч аптада бүтүп калышы мүмкүн экенин айтты.

«Бизде бардык башкармалыктарда, секторлордо жана бөлүмдөрдө ар бир кызматкердин функционалдык анализи жүргүзүлүүдө, тактап айтканда, ар бир башкармалык менен бөлүмдүн милдеттерин [анализдеп атышат], эгерде алар кайталанма болсо, алар кыскартылат. Азыр жада калса алдын ала жыйынтыктар жок», — деди ал.

Экономика министрлиги: «жумуш жүрүп атат»

Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, мекемеде «бул багытта жумуштар жүрүп жатат». Бирок басма сөз кызматтан мекемени анализдөө качан бүтөөрү жана канча кызматкер кыскартылаары жөнүндө так маалымат бере алышкан жок.

«Азырынча биз комментарий бере албайбыз […] Юристтер өкмөттүк аппарат менен биргеликте бул нерсенин үстүндө иш алып барышууда», — деп айтышты басма сөз кызматтан.

Айыл-чарба министрлиги: статс-катчы «аймактан тышкары»

Басма сөз катчы Гүлчехра Садыкова айыл-чарба министрлигинин статс-катчысы Кытайда экенин жана ал «аймактан тышкары» болгондугу үчүн азырынча комментарий бере албасын айтты.

«Ал 31-мартка чейин Кытайда болот. Бул боюнча ишти статс-катчы гана алып барат жана ал өзү гана комментарий бере алат», — деп түшүндүрдү Садыкова.

Саламаттык сактоо министрлиги: «иш жүрүп жатат»

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан статс-катчы Калысбек Шадыканов «азырынча эч кандай маалымат бербестигин» айтышты.

«Кайрадан түзүү бүткөндө бир нерсе айтууга болот. Иш журүп жатат, жыйынтык чыкканга чейин бир нерсе айтуу азырынча эртелик кылат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Маданият министрлиги: «мамкадр кызматы иш алып барууда»

Маданият министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова «Клооптун» кабарчысын мамлекеттик кадр кызматына кайрылууну суранды.

«Сураныч, мамлекеттик кадр кызматына кайрылыңыздар. Бул нерсени чечүү алардын компетенциясында», — деди ал.

Тышкы иштер, Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт министрликтери маалымат алуу үчүн сурам жөнөтүүнү өтүнүштү жана материалды чыгараар алдында мекемелерден жооп келе элек болчу.

ТЕМА БОЮНЧА: