Исаков соода борборлорунда өрт коопсуздугунун сакталышын текшерүүнү тапшырды

«Вефа» соода борбору. Иллюстративдик сүрөт

Премьер-министр Сапар Исаков Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттөн улам расмий маалыматтарга ылайык, 64 адам каза болгон окуядан кийин Кыргызстандагы бардык соода борборлорунда өрт коопсуздугунун сакталышын текшерүүнү буйруду.

Өкмөт башчы мамэкотехинспекцияга облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кошо соода-көңүл ачуу борборлорун өрт коопсузудугунун сакталышына текшерип чыгууну тапшырды. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да калктын арасында өрт коопсуздугу боюнча көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.

Мындай чечим 25-мартта Кемерово шаарындагы «Зимняя вишня» соода борборунда чыккан өрттө расмий маалыматтарга ылайык, 64 адам каза тапкан каргашанын шартында кабыл алынды.

Бишкектин кайсы соода борборлору өрт коопсуздугу боюнча иш-чараларды өткөрөт?

• «Космопарк» — 29-март 14:00

• «Азия Молл» — 30-март 11:00

• «Бишкекпарк» — 30-март (убактысы азырынча белгисиз)

• «Детский мир» — 30-март 11:00

• «Рэд центр» — апрелдин башында

• «Весна» — 1-апрелге чейин

• «Берекет Гранд» — апрелде

• «Народный» жана «Глобус» жарым жыл сайын өткөрөт (акыркы иш-чара 2018-жылдын январында өткөн, ал эми кийинкиси июнь айына белгиленген)

• «Бета Сторес» иш-чараларды пландаган эмес жана акыркы болгон текшерүүнүн убактысын ачыктоодон баш тартты

• ГУМ, ЦУМ, «Вефа», «Караван» жана «Дордой плаза» соода борборлорунун басма сөз кызматтары менен байланышка чыгууга мүмкүн болбоду

Мамэкотехинспекция 27-мартта Бишкектин борборундагы 20дан ашуун соода түйүнүн пландан тышкаркы текшерүү үчүн Экономика министрлигинин уруксатын сураган. Бирок экономика министрлигинен билдиришкендей, инспекторлорго пландан тышкаркы текшерүүлөр үчүн алардын уруксатынын кереги жок.

Кемероводогу өрт чыгуудан кийин Орусиянын Тергөө комитети күйүп кеткен «Зимняя вишня» соода борборунун имаратында өрт чыгуу жөнүндө белги берген тутум иштебей калганын, ал эми эвакуациялык жолдор бекилип калганын билдирген. Өрт чыгуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-мартты улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.