Казакстандын 100 млн долларынан баш тартуу кыргыз экспортчуларына кантип көйгөй жараткан?

Буткүл Кыргызстандын эт, сүт жана балык өндүрүрүүчүлөрү өз товарларын ЕАЭБдин стандарттарына ылайык Бишкектен гана сертификациялай алышат. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Кыргызстандын ветеринардык лабораториялары Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөргө экспорттоо үчүн мал чарба продукцияларын текшерүү боюнча жабдыктарды албай калышкан — бул кыргыз бийлиги 2017-жылдын ноябрында 100 млн доллар техникалык жардам жөнүндө Казакстан менен келишимди жокко чыгарганы үчүн болгон. Азыр Кыргызстанда 19 лабораториянын ичинен бирөөсү гана ЕАЭБдин стандарттары менен продукцияларды сертификациялайт.

2017-жылдын октябрынын башында ошол кезде Кыргызстандын президенттик кызматын ээлеп турган Алмазбек Атамбаев Казакстандын бийгигин президенттик шайлоого кийлигишип жатат деп айыптоо менен аларды сынга алган. Араздашуу Атамбаевдин сынынан кийин кыргыз-казак чек арасында пайда болгон тыгындар менен курчуп кеткен.

Бул араздашуунун шартында кыргыз өкмөтү Казакстандын 100 млн доллар өлчөмүндө техникалык жардамынан баш тарткан. Бул акчалар өлкөнүн Орусия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан кирген ЕАЭБге (экономикалык биримдик— ред.) интеграция болуусуна жардам бермек.

Азыр Казакстан менен мамиле жакшырды — Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков чек аралар боюнча маселелерди чечүү жөнүндө макулдашып, чек арада казак бийлигинин текшерүүлөрү кыскарган.

Бирок араздашуу чечилгенден кийин Казакстандын бийлиги тарабынан грант каражаттарын кайрадан бөлүп берүү болгон эмес.

Кыргызстан казак грантынын 18 млн долларын план боюнча экспортко чыгып жаткан продукцияларды ЕАЭБдин талаптарына жооп берүүсүн текшере турган ветеринардык лабораториялар үчүн жабдыктарды алууга жумшашы керек болгон.

Азыр Кыргызстанда 19 ветеринардык лаборатория иштейт, бирок бирөөсү эле, тактап айтканда Бишкектегиси гана мындай текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Бишкектеги лаборатория эт, сүт, бал жана балыктарды текшерет. Экспортчулар Бишкектеги лабораториядан текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү — антпесе аларга өз продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарууга уруксат берилбей калат.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2017-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө 568 млн доллар өлчөмүндө товар жана продукцияларды экспорттогон — бул 2016-жылдагы көрсөткүчтөргө караганда 24% көп.

Бишкектин ош базарындагы эт кыркалары. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Бишкек аркылуу — май, Алматы аркылуу — бал

Аймактарда лабораториялардын жоктугу жеринде иштеген ишкерлерге ыңгайсыздыктарды алып келүүдө — алар өз товарларын борборго же болбосо Алматыга текшерүүгө жөнөтүүгө аргасыз болушууда.

«Талас Сүт» заводунун директору Мырзакан Давлеталиев өз компаниясы экспорттун көлөмүнө жараша айына адатынча эки-үч жолу Бишкекте текшерүүдөн өтүп тураарын айтты. Давлеталиевдин айтымында, ар бир текшерүү беш күн убакытты алат.

«2017-жылы биз Орусияга 250 тонна май экспортко чыгарганбыз. Экспортко уруксат алуу үчүн биз экспортко кете турчу продукциясынын сынамын Бишкекке текшерүүгө жөнөтөбүз. Ветеринардык лаборатория ар бир экспортко кете турчу продукциясынын сынамын текшерет. Бир партия — бул 20 тонна», — деп түшүндүрдү ал.

Балдын экспортчулары Алматынын ветеринардык лабораториясынан текшерүүдөн өтүшөт.

«Эмне үчүн Алматы? Анткени Бишкектин лабораториясында эл аралык стандарттар боюнча антибиотиктерге жана бактериялардын бар же жогуна анализ жасашпайт», — дейт балды сактоо жана кайра иштетүү менен иштеген «Аман Гринфуд» компаниясынын коммерциялык директору Асылбек Асанбеков.

Бишкектеги Ветеринардык диагностика борборуна караштуу Химия жана токсикология  бөлүмүнүн жетекчиси Эрмек Курманкулов анализдердин жоктугун Бишкектин лабораториясы керектүү жабыктарды ала электиги менен түшүндүрдү.

«Ала Балык» дыйыканчылык чарбасынын директору Мээрбек Курманбек уулу да эгерде Бишкектин ветлабораториясы экспорт үчүн керектүү анализдерди жасай албаса Алматыга текшерүүгө барууга даяр. Бул жылы Курманбек уулунун компаниясы Орусияга балык экспорттой баштайт.

Каржы булактарды издөө

Кыргызстандын 100 млн доллар өлчөмүндө казак жардамынан баш тартуусу өлкөнүн ветлабораторияларынын жабдыктар менен камсыздалышын токтотуп койгон. Бирок үч жыл мурда өлкө ЕАЭБге кирүүгө белсенип жаткан учурда Бишкектеги лаборатория да жабдылбай турган.

Орусия Кыргызстанга экономикалык биримдикке интеграция болушуна жардам берүүнү чечип, бул үчүн 200 млн доллар грант бөлгөн. Бул акчага анын ичинде ошол эле Орусиядан алынып келинген Бишкек жана Оштун ветеринардык лабораторияларынын жабдыктарын жаңылоого жумшашкан.

Бишкектеги ветеринардык лаборатория. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү
Бишкектеги ветеринардык лаборатория. «Клооп» үчүн Даниль Усмановдун сүрөтү

Ветеринардык диагностика борборунун директору Жолдошбек Касымбеков казак жардамынан баш тартуунун айынан Кыргызстандын өкмөтү эми жаңы жабдыктарды сатып алуу үчүн  акчаны жеке булактардан издөөгө аргасыз болууда деп айтты.

«Бул жылы биз 3 млн долларга сегиз лаборатория үчүн жабдыктарды сатып алууна пландап жатабыз. Азыр каржылоо болот же болбосу белгисиз. Биз мындан тышкары, Балыкчы менен Караколдогу ветлабораторияларды да Дүйнөлүк Банктын каражатынын эсебинен жабдуулашат деп үмүттөнүп атабыз. Бирок бул жерде да эч нерсе белгисиз», — дейт Касымбеков.

Өкмөттүн жада калса ветлабораторияларды камсыздоого да акчасы жетишпейт.

«Жакында эле биз Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусундагы ветлабораторияларды камсыздоого өлкө жылына 40 млн сом кетирээрин аныктап, эсептеп чыктык», — дейт Бишкектин ветлабораториясынан Эрмек Курманкулов.

Экинчи көйгөй — кадрлардын жетишсиздиги. «Өкмөт жаңы жабдыктарды сатып алган күндө деле кадр маселесин чечүү керек болот. Бишкекте биз эптеп-септеп штатты толуктадык. Ош лабораториясында ушул эле көйгөй», — деп арызданды Курманкулов.

Ал кадр маселесин чечүү үчүн мамлекет ветлабораториялардын кызматкерлеринин маяналарын эки эсе жогорулатышы керек деп эсептейт.

«Жаш кадрлар бизде иштегилери келбейт. Айына 10 миң сомдук айлык үчүн кимдин иштегиси келсин? Бирок мамлекет маяналарды көтөрө албайт — анткени Дүйнөлүк Банктан алып жаткан насылардын шарттарына көз каранды. Насыянын шарты боюнча, Кыргызстан мамкызматкерлердин маяналарын көтөрбөшү керек», — дейт ал.