Мамэкотехинспекция Ош шаарындагы ири соода түйүндөрүнүн өрт коопсуздугун текшерет

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын түштүк аймагындагы төрт соода борборунун экөөсү апрель айында өрт коопсуздугунун сакталышы боюнча плансыз текшерүүгө алынмакчы.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өрт коопсуздук башкармалыгынын адиси Данияр Исмаилов «Клоопко» билдиргендей, Ош шаарындагы үч жана Жалал-Абад шаарындагы бир соода түйүнүнүн өрт коопсуздугу текшерилет.

«Түштүк региондо азыркы убакытта белгилүү болгондой алты чоң соода түйүнү бар. Анын ичинде бирөөсү жаңы курулуп жатат. Дагы бирөөсү текшерилген. Азыр апрелде экөөсүнө пландуу текшерүү менен барабыз, калган экөөсүнө плансыз текшерүү өткөрүлмөкчү», — деди Исмаилов.

Анын айтымында, учурда инспекция соода түйүндөрүндөгү коопсуздуктун сакталышын текшерүү күнүн тактоо үчүн Экономика министрлигине кайрылган — азырынча аталган министрликтен жооп күтүп жатышат.

Мамэкотехинспекциянын Өрт коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Өмүрзаков «Клоопко» маалымдагандай, адистер текшерүү маалында автоматтык түрдө өрт чыгууларды аныктоо, белги берүү системаларына, мындан тышкары, өрт өчүргүч аппараттарынын бар жогуна жана алардын жарактуулугуна көңүл бурушат.

«Ошондой эле, суу түтүктүн абалын, суу бургучтарды, насостордун бар-жогун жана эвакуациялык жолдорду, электр зымдарын, эвакуация пландарынын бар же жогун текшеребиз», — деп түшүндүрдү ал.

Эгерде текшерүү маалында эреже бузуулар аныкталса, анда администрацияга мүчүлүштүктөрдү жоюуга 30 күндүк убакыт берилет. Эреже бузгандар бул убакыт аралыгында инспекция койгон талаптарды аткарбаса, аларга 1000 сомдон 50 миң сомго чейин айып пул салынат.

Өмүрзаков «Ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү жөнүндө» мыйзам жаңыдан колдонууга берилген соода борборлорун үч жылга чейин текшерүүгө уруксат берилбестигин кошумчалады.

Бишкек шаарында дагы 20дан ашуун соода борборлору текшерүүгө алынмакчы.

Кыргызстан боюнча соода түйүндөрүндөгү өрт коопсуздугунун сакталышын текшерүү демилгеси Орусиянын Кемерово жергесинде чыккан өрттөн кийин көтөрүлдү. Өрт «Зимняя вишня» соода борборунун жогорку кабаттарынан чыгып кеткен.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттөн бери эле дегенде 60 киши набыт болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: