Цитата: Тазабек Икрамов депутаттарга атайын авто номерлерди кайтарып берүү жөнүндө

Депутат Тазабек Икрамов 29-мартта парламенттин жыйынында эл өкүлдөрүнө мамлекеттик KG автоунаа номерлерин кайтарууну сунуштады.

Ал «Клоопко» курган маегинде KG номер расмий сапарларда милиция жолдорду курчоого алган кезде жана шайлоочулар менен жолугушууларда керек экенин түшүндүрдү.

«Чоң-чоң жыйындар жана иш-чаралар болуп калып жатат. Ал жер толугу менен курчоого алынат. Ал жакка жөнөкөй машиналарды киргизбейт. KG номер болсо жада калса айыл өкмөтү да кирип кетип атат. Жогорку Кеңештин депутаты, мисалы, машина менен кире албайт», — деди Икрамов.

Ошондой эле, ал парламенттин жыйынында өкмөт мүчөлөрү да кадимкидей эле номер тагылган автоунаалар менен жүрүүлөрү керек деп белгиледи.

Бирок Кыргызстандын бийлиги бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн KG сериясындагы атайын номерлерден 2015-жылдын аягында эле баш тарткан. Мамлекетти каттоо кызматынын маалыматына (МКК) ылайык, KG номерлердин бардыгы 2016-жылы жаз айларында жок кылынган.