УКМК: Экс-спикер Турсунбековдун жардамчысы 30 миң доллар пара алды деп шектелүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулу 30 миң доллар өлчөмүндө парламенттик каражатты ыйгарып алууга тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирди.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов  Абдыгул уулуна карата көрсөтмөнү эл аралык иштер боюнча бөлүм башчы Арсен Закиров бергенин «Клооптун» кабарчысына айтты. Ал эми УКМК Закировго февраль айында 30 миң долларды ыйгарып алуу боюнча айып тагып, кармаган.

«Депутат Трусунбековдун жардамчысына "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" жана "Жасалма документтерди колдонуу" беренелеринин негизинде айып тагылды. Ага эч жакка кетпөө баш коргоо чарасы кабыл алынды», — деди Сулайманов.

Мындан тышкары, Сулайманов УКМКга суракка биринчи вице-премьер-министр жана парламенттин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков чакырылып, алардын ортосунда беттеш өткөрүлгөнүн кошумчалады.

«2017-жылдын 15-сентябрында Шадиев парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы болуп турган кезде ал Жогорку Кеңештин спикери Турсунбековдун атына Айтматов атындагы сыйлыктарды тапшырууга арналган 2 млн 61 миң сомду парламенттин кассасынан Закировго берүү жөнүндө кат жазган», — деп түшүндүрдү Сулайманов.

Шадиев үчүн бул иш боюнча УКМКдагы биринчи эле сурак эмес. Ал 23-мартта парламентте каражаттын уурдалышы жөнүндө кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Буга чейин ал «Азаттык» үналгысына курган маегинде акча бөлүү жөнүндө документке «билбей туруп» кол коюп бергенин мойнуна алган.

Кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары 9-февралда кармалган эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров өтүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Закиров Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн 30 миң долларды Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына которуу боюнча документтерди жасалмалаган. Бирок парламенттин иш башкармалыгынын сурамынан кийин ассамблеянын катчылыгы каражат алынбагынын билдирген.

Закировго каршы «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал УКМКга караштуу тергөө изоляторунда камакта.


ТЕМА БОЮНЧА: