Иллюстративдик сүрөт

Башкы прокуратуранын өкүлү Ички иштер министрлигин (ИИМ) «кылмыш иштеринин бетин ачуу жасалма түрдө көбөйтүлүп атат» деп айыптады. ИИМ бул айыптоону четке кагып, Башкы прокуратура «өз каталарын» министрликке «оодарып» жатат деп билдирди.

Уруштун чыгышына Башкы прокуратуранын укуктук статистика башкармалыгынын орун басары Бахтияр Осмоналиевдин 24-мартта «АКИпресс» басылмасына курган маеги себеп болгон.

Ал анда ИИМ кылмыштардын бетинин ачылышынын пайызы үчүн «жүгүрүп», кээде тергөөдөн жашырынбай эле жүргөндөргө издөө иштерин мыйзамсыз козгогон деп билдирген.

«Аталган жагдайлар ИИМ прокуратура уюштура алгандай, тартиптешкен каттоо саясатын уюштурууга жөндөмсүз экенин көрсөтүп турат», — деп билдирген ал.

Осмоналиевдин айтымында, ИИМ кылмыш иштерин эскирген система боюнча каттоого алып турган — карточкага «жеңил эле манипуляция» кылууга мүмкүн болчу маалыматтарды киргизишкен.

«Жарандардын арыздарын ар кандай шылтоолор менен каттоодон баш тартып, квалификацияларын алмаштырышып, ал эми бети ачылган иштерди, тескерисинче, көбөйтүшөт, жалпысынан алганда бул статистикалык маалыматтардын көрсөткүчүнө таасир эткен», — деп маалымдаган ал.

Осмоналиев милиционерлер документтерди «ойлоп табылган» маалыматтар менен толтуруп, ишти «бети ачылгандар» категориясына жөнөтүшүп, бети ачылып жаткан кылмыштардын статистикасын «жасалма» көбөйтүшкөн деп айтты.

Ал 2016-жылга карата бети ачылган кылмыш иштери жөнүндө маалымат базасына кошумча 647 иш киргизилгенин мисал келтирди.

«Алар кылмыш статистика базасына иликтөө маалында ыктымал бети ачылган кылмыштар жөнүндө маалыматтарды киргизишкен, бирок тергөө тарабынан кошумча статистикалык карточкалар көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле, тергөө аягына чыгарган 2010-2015-жылдардын кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарды базага киргизишкен, тактап айканда кошумча статистикалык карточкалар кайталанып колдонулган», — деди ал.

ИИМ: Башкы прокуратура өзү күнөөлүү

ИИМ Осмоналиевдин айткандарына жооп кайтарып, Башкы прокуратура «укук коргоо органдарында кылмыш иштеринин бетин ачуу жасалма көбөйтүлүшүнө жана түзүлгөн жагымсыз тенденциянын чыгышына өзү себепкер» деп билдирди.

ИИМде иштер прокуратуранын уруксаты менен гана козголоорун жана алардын токтотулушу боюнча чечимди да прокуратура кабыл алат деп билдиришти.

«Демек кылмыш ишинин иликтенишинин акыркы жыйынтыгына көзөмөлдү аймактык прокурорлор жүргүзөт. Бул алардын документтерди чыгарганын көзөмөлсүз деп негиз кылганга түрткү кылат», — деп билдиришти министрликтен.

ИИМ Башкы прокуратура «өзү кетирген каталарды» министрликке оодарып жатканын «туура эмес» деп эсептейт — мекеменин көз карашына ылайык, Осмоналиевдин сөздөрү «коомчулуктун арасында жагымсыз сын-пикирлерди жаратат».

«ИИМ мыйзам боюнча статистикалык карточкаларды көрсөтүү боюнча башка укук коргоо органдарына жана анын ичинде прокуратура органдарына көзөмөл жана байкоо жүргүзгөнгө милдеттүү эмес», — деп айтылат кайрылууда.

Президенттин сыны

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч органдарын жана Башкы прокуратураны «коррупция менен натыйжасыз күрөш» үчүн сынга алган.

Ал билдиргендей, мамлекеттик органдар «негизсиз текшерүүлөрдү» жүргүзүп, ал эми прокуратура бул процессти көзөмөлгө албай өзү да «саны жок» текшерүүлөрдү уюштурууда.

Президенттин айтымында, башкы прокуратура коррупция менен «натыйжалуу» күрөшө албайт, анткени маморгандар өз аракеттерин макулдашышпайт.

Жээнбеков укук коргоо органдарын «көмүскө схемаларга тыгыз байланышкан» жана ар кандай себептер менен кылмыш иштерин козгошот деп айыптаган.