Сапар Исаков: Маршруткалар үчүн жеңилдиктер болбойт, жолдордогу төлөмдөр менен күрөшүш керек

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков. Сүрөт: Сабыр Айылчиев/ Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Сапар Исаков иш таштоонун айынан бийлик маршруттук таксилердин айдоочулары үчүн эч кандай жеңилдиктерди бербесин билдирди. Премьердин пикири боюнча, айдоочулардын нааразылыгынын жаралышынын себептеринин бири аткаминерлердин бейформал төлөмдөрдү чогултушу болгон.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 2-апрелде жүргүнчү ташыган ишканалардын иши боюнча кеңешме өткөргөн.

«Мыйзам бадыгына бир жана эч кимге жеңилдиктер берилбейт. Мыйзамдардын нормаларынынын бардыгын аткарышат, бул маселе өкмөттүн ишинде приоритет болуп эсептелет», – деди Исаков.

Анын айтымында, анда транспорттук кызматтарды көрсөтүү тармагындагы мамлекеттик органдардын «бейформал төлөмдөрү жөнүндө толук маалымат» бар.

«Мен Транспорт жана жолдор министрлиги алдындагы транспорттук инспециянын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп кетет элем. Мага берилген маалыматка ылайык транспорттук ишкананын ар бир бригадасы аталган инспекцияга расмий эмес төлөм иретинде айына дээрлик 3 миң сом берип турушу керек экен», – деди премьер-министр.

Мындан тышкары, жүргүнчү ташыган ишканалар да ай сайын жол инспекторлоруна 5 миң сом бейформал төлөшөт деп айтты ал.

Премьер-министр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана финансы полициясына бул маалыматты текшерүүнү тапшырып, Бишкекте коомдук транспорт көйгөйүн «ар тараптуу» чечүү керектигин билдирди.

«Шаардык транспорт көйгөйүнө ар тараптуу караш керек: бул бейформал төлөмдөрдү жок кылуу, камсыздандыруу документтерин колдонуу жана коопсуздукту камсыз кылуу талаптарын сактоо, коомдук транспорт менен камсыздоо системасын жалпысынан карап чыгуу, ошондой эле автобустарды сатып алып, жолго чыгарууну тездетүү болуп эсептелет», – деди Сапар Исаков.

Маршруттук таксилердин айдоочулары 2-апрель күнү нааразылык билдирип, жумушка чыгуудан баш тартышкан. Айдоочулардын айтымында, алар жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу үчүн киргизилген жаңы штрафтардын айынан жана жол кире акысы «төмөндүгү» үчүн иш ташташкан.

Мэриянын өкүлү Нурлан Атыкановдун айтымында, 3-апрелде маршруттук таксилер күндөй тартипте эле иштей башташат.


ТЕМА БОЮНЧА: