Юстиция министри Уран Ахметов отставкага кетти

Уран Ахметов. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/ «Спутник»

Юстиция министри Уран Ахметов өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазды. Ал министрликти 2016-жылдын ноябрынан баштап жетектеген. Премьер-министр Сапар Исаков Ахметовдун арызын президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна жөнөттү.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Ахметов отставкага өткөн аптанын аягында эле кеткен. «Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазды», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Ал эми Ахметов өзү «Кактус» басылмасыга анда отставкага кетүүгө ар кандай себептер болгонун, бирок ал «бийликтин башка бутактары менен эриш-аркак конструктивдүү кызматташуунун жоктугуна» байланыштуу экенин айткан.

«Мен биринчи кезекте эмгек өргүүсүнө чыгып, уйкумду кандырып, үй-бүлөөм менен болуп турууну каалап атам. Мен бир жарым жылдан бери эмгек өргүүсүнө чыга элекмин», — деген Ахметов.

Ахметов юстиция министри болуп турган кезде эл аралык документтерди даярдоодо кетирилген каталар үчүн өкмөт башчы Сапар Исаковдон эскертүү алган.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Исаков Ахметовдун арызын карап чыгып, президент Сооронбай Жээнбековго аны ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуштама жөнөткөн.

Ахметов юстиция министрлигинин башчылык кызматына 2016-жылдын ноябрында киришкен. Буга чейин ал төрт жыл Кыргызстандын президенттик аппаратында Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген. Ахметов 2011-2012-жылдары өкмөттүн Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн сот органдары менен өз ара аракеттешүү боюнча секторун жетектеген.


ТЕМА БОЮНЧА: