Жээнбеков өз дарегине айтылган Атамбаевдин сынына комментарий бербейт

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Тогонай Стамалиева маалымдагандай, өлкө башчысы өз дарегине айтылган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө комментарий бербейт. Мурдараак Атамбаев президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч түзүмдөрүн сынга алган сөзүн Жээнбековго «астыртан салып коюшкан» деп айткан.

Стамалиева кабарлагандай, 31-мартта өткөн КСДПнын съездиндеги экс-президент Атамбаевдин билдирүүлөрү Жээнбеков үчүн «күтүүсүз болгон эмес».

«Президент Сооронбай Жээнбеков үчүн Атамбаевдин билдирүүсү күтүүсүз болгон жок, анткени бул сөздөрдү алар курултайдан эки күн мурда сүйлөшүп, бирок ар бири өз позициясында калышкан. Жыйынтыгында экс-президент Атамбаев президент Жээнбековго карата өзүнүн таарынычын ачык жарыялады», — деди Стамалиева.

Анын айтмында, президенттин ЖЭБдин жаңыртуу боюнча тендердин айланасындагы чыр-чатакка тиешеси жок жана ал жылуулук борборунун айланасындагы кырдаал жөнүндө депутаттык текшерүүнүн жана иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин билдирүү жасайт.

«Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык ишин 21-августта өткөрүп берген. 2017-2018-жылдын кыш мезгилине даярдык маселесинде Сооронбай Жээнбековдун катышы жок», — деп кошумчалады Стамалиева.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта КСДПнын төрагасы болуп шайланды. Курултайдан кийин ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өзүнөн кийин президенттик кызматка келген Сооронбай Жээнбековго байланыштуу бир катар билдирүүлөрдү жасаган.

Негизинен Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүнүн жыйынтыктарына нааразы болгонун сынга алган.

«Анткени Атамбаевдин учурунда акыркы үч жылда бийлик коррупция менен күрөшкөн жок деп айтылып жатат… жада калса, бүгүнкү чуулгандуу коррупциялык иштерди Атамбаев баштаган. Мына акыркы 800 млн сом КНС (кошумча нарк салык — ред.) боюнча иш. Бул мурдагы жылы эле башталган», — деп билдирген ал.

Ошондой эле экс-президент учурдагы президенттин иниси жана депутат Асылбек Жээнбеков өз мандатын тапшырбаганын сынга алган. Мындан тышкары, Атамбаев Сапар Исаковго өз колдоосун билдирип, ал январдын аягында Бишкек ЖЭБде болгон аварияга күнөөлүү эмес экенин айткан.

Экс-президенттин айтымында, ЖЭБди даярдоо жана мамлекеттик сатып алуулар менен азыркы президенттин өкмөтү алектенген, анткени ошол учурда Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган.


ТЕМА БОЮНЧА: