Ахметов юстиция министрлигинин башчылык кызматынан кетти

Уран Ахметов. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/ «Спутник»

Президент Сооронбай Жээнбеков Уран Ахметовду юстиция министрлигинин башчылык кызматынан бошотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Ахметов 3-апрелде өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Ахметовду кызматтан бошотуу жөнүндө жарлык 3-апрелде президенттин расмий сайтында жарыяланган. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын 2-апрелде жазган.

«Мен биринчи кезекте эмгек өргүүсүнө чыгып, уйкумду кандырып, үй-бүлөөм менен болуп турууну каалап атам. Мен бир жарым жылдан бери эмгек өргүүсүнө чыга элекмин», — деген Ахметов.

«Кактус» басылмасы Ахметовдун отставкасы «бийликтин башка бутактары менен эриш-аркак конструктивдүү кызматташуунун жоктугуна» байланыштуу экенин божомолдогон.

Ахметов юстиция министри болуп турган кезде эл аралык документтерди даярдоодо кетирилген каталар үчүн өкмөт башчы Сапар Исаковдон эскертүү алган.

Ахметов юстиция министрлигинин башчылык кызматына 2016-жылдын ноябрында киришкен. Буга чейин ал төрт жыл Кыргызстандын президенттик аппаратында Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген.

Ахметов 2011-2012-жылдары өкмөттүн Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн сот органдары менен өз ара аракеттешүү боюнча секторун жетектеген.


ТЕМА БОЮНЧА: