«Ала-Тоо» ресторанында уулангандардын саны 230 адамдан ашты

«Ала-Тоо» ресторанына үйлөнүү үйлпөт тоюна баргандан кийин 233 адам ууланганына арызыданып, медициналык жардам сурап кайрылышкан. Милиция массалык уулануу боюнча кылмыш ишин козгогон.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, 3-апрелге карата 233 адам медициналык жардам сурап кайрылган, алардын ичинен 164ү ооруканага жаткырылган.

«Бишкекте 25 баланы кошуп, 131 адам, ал эми Чүй, Ысык-Көл жана Нарын обустарында 35 адам ооруканага жаткырылды», — деди басма сөз катчы.

Үйлөнүү-үлпөт тоюна барган коноктор уулануу белгилери менен 31-мартта кайрыла башташкан. 2-апрелде Мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борбору ресторанды окуянын чоо-жайы билингиче убактылуу жапты. Ресторандын директоруна 20 миң сом, ал эми анын администраторуна 5 миң сом штраф салынган.

Милиция массалык ууланууну фактысы боюнча «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» жана «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгери Артур Буюклянов ресторанга келген коноктор тоок этине ууланышы мүмкүндүгүн айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: