Башкы прокуратура боюнда бар аялды «кыйнаган» милиционерлерге кылмыш ишин козгоду

Сүрөт: Спутник/Табылды Кадырбеков

2017-жылдын 23-мартында Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде иштеген милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун сөөгү Ош шаарынын чет-жакасында автомобилдин ичинен табылган. Анда Ош милициясы маркумдун башынан оор жаракат алганын аныктап, эртеси эле күнү, 24-мартта кылмышка шектүү катары бир үй-бүлөнү кармаган.

Шектүү катары кармалган үй-бүлөнүн кожоюну Дамир Шабыралиев ушул жылдын 20-мартында «алдамчылык» жана «адам өлтүрүү» беренелеринин негизинде күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискацияланып 23 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Шабыралиевдин кайниси Мурат Ражапов мүлкү конфискацияланып, «кылмышты жашыруу» боюнча айыпталып, 7 жылга кесилди.

Ал эми үй-бүлөнүн кожойкеси Наргиза Ражапова менен анын уулуна «кылмыштык аракеттери аныкталбагандыктан» козголгон иш токтотулган.

Бирок Ражапова Ош шаардык милициясынын кыйноосуна кабылганын айтып, 2017-жылдын март айынын аягында шаардык прокуратурага арыз менен кайрылган. Өз арызында Ражапова маркум милиционер Уларовдун өлүмү боюнча тартип сакчылары аны «кылмышты моюнга алдыруу» максатында «негизсиз кармап», мындан улам боюндагы эгиз баласы түшүп калганын билдирген.

Бул боюнча Башкы прокуратура бир жылдан кийин, 2018-жылдын 28-мартында Ош ШИИБнин кызматкерлерине каршы «топ тарабынан боюнда бар аялга карата кыйноо аракеттерин жасоо» жана «топ тарабынан боюнда бар аялды мыйзамсыз кармоо» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

«2017-жылдын мартында Наргиза Ражапова Ош шаардык милициянын "Ак-Буура" бөлүмүндө кечки саат 12ден таңкы саат 5:30га чейин эркиндигинен ажыратылып, мыйзамсыз кармалып турган», — деп маалымдады Башкы прокуратура.

Арыз боюнча прокуратура соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык текшерүү жүргүзүп, Ражапованын «моралдык жактан кыйноого кабылганын» аныктаган.

«Мындан улам арыз ээсинин саламаттыгына психикалык жактан оор залал келтирилип, натыйжада анын боюнан түшүп калган», — деп билдирет мекеменин маалымат кызматы.

Уларовдун өлүмү

Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде иштеген Уларовдун сөөгү былтыр 23-мартта Ош шаарынын чет-жакасындагы каналдын боюнда токтотулган машинанын ичинен табылган. Анын өлүмүнө шектүү катары Уларов менен мурда тааныштыгы болгон Наргиза Ражапованын жолдошу Дамир Шабыралиев жана Наргизанын иниси Мурат Ражапов кармалган.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмыш «кызганычтын айынан жасалган» болушу ыктымал. Бирок Ражапова «милиционерлер Уларовдун машинесинен маңзат чыкканын жашырып, маңзат бизнесин коргоп жатышат» деп эсептээрин айткан.

Бул иш боюнча соттук отурум бир жылга чейин созулуп, натыйжада Шабыралиевге 23 жыл, Ражаповго 7 жыл жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөө өкүмү чыгарылган.