Бир кадр менен: Бишкекте бак-дарактарды кыюуга каршы митинг

Шаарда бак-дарактардын кыйылышын токтотуу талабы менен Бишкек мэриясынын жанындагы митинг. Сүрөт: Айдай Эркебаева/«Клооп»

Бишкек мэриясынын жанында бак-дарактардын кыйылышына каршылык билдирген митингге 100дөн ашуун адам чогулду. Чогулгандар калаа башчысы Албек Ибраимовдун жана муниципалитеттин башка аткаминерлеринин отставкага кетишин талап кылышты.

Митинг Бишкекте жолдорду кеңейтүү жана реконструкциялоо үчүн бак-дарактардын кыйылышына байланыштуу өтүүдө. Каршылык билдирүүгө чыккандар өсүмдүктөрдүн сүрдүрүлүп жатканына нааразы болуп, мэрия жетекчилигинин отставкасын талап кылышууда.

ТЕМА БОЮНЧА: