Парламенттин спикеринин бир тууганы убактылуу Талас ОИИБнин жетекчиси болуп дайындалды

Алмазбек Жумабеков. Сүрөт: «Turmush» басылмасы

Алмаз Жумабеков Талас ОИИБнин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал парламенттин спикери Дастан Жумабековдун бир тууганы.

ИИМдин басма сөз катчысы Карима Аманкулова «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, Жумабеков Талас ОИИБнин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейин ал жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.

Алмаз Жумабековдун эмгек жолу тууралуу маалымат аз болгону менен ал парламенттин спикери Дастан Жумабековдун кичүү иниси экени белгилүү.

Талас ОИИБнин мурдагы жетекчиси Ильяс Касымбеков 30-мартта кылмыштардын бетинин ачылышын жасалма көбөйткөнү жана «өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин аткарбаганы» үчүн кызматынан бошотулган.

«ИИБдин уюштуруу-башкаруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү толугу менен аткарылбаганы үчүн […],  Криминалдык милиция кызматынын ишин уюштуруу багытында тиешелүү деңгээлде иш жүргүзүлбөгөндүгү жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча көрсөткүчтүн атайылап жогорулашына жол бергендиги үчүн», — деп айтылат ИИМдин кабарында.


ТЕМА БОЮНЧА: