«Атамбаевдин 11 досу». Байсаловдун экс-президент жөнүндө иликтөөсүн баяндап беребиз

Коомдук ишмер жана Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Эдил Байсалов экс-президент Алмазбек Атамбаев жөнүндө чакан иликтөө жарыялады. Материалда Атамбаевдин «Акылдуу шаар» долбоорун теңата инвестору болууну каалаган «АКА Инвест» компаниясы менен байланышы бар деп айтылат. Мурдагы президенттин дарегине карата иликтөөдө дагы кандай айыптоолор тагылганын түшүндүрөбүз.

Байсаловдун иликтөөсү «Атамбаевдин 11 досу» деп аталат — анда ал кантип Атамбаев президент болуп турган кезде болжолдуу өзүнүн «досторунун» кызыкчылыктарын сүрөмөлөп, аларга тендерлерди утуп алууга жардам бергени жөнүндө айтып берет.

Байланыш: Атамбаев — Пархати — «Ака Инвест»

Байсалов 2017-жылдын октябрында өткөн президенттик шайлоодон кийин дароо эле Пархати Субихи Вуфуерович деген бирөө Атамбаевдин «Форум» компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири болуп калганына көңүл бурган. Активисттин маалыматы боюнча, жаңы түзүүчү 26 жашта — Байсалов Атамбаев эмне үчүн бул жаш бала менен бизнес жүргүзүп атканына суроо салууда.

Юридикалык жактардын реестринде Пархати 2015-жылы сурьма кени чыккан жерди иштетүүгө конкурсту утуп алган «Хуасинь инвестициялык компаниясына» ээлик кылганы тууралуу маалымат да бар.

«Хуасинь» менен кошо конкурска «Ака минералз энд майниг» компаниясы да катышкан — бул 2018-жылы «Акылдуу шаар» долбоорунун теңата инвестору болууну каалаган компания.

«Ачык бюджет» сайтынын маалыматына ылайык, «Хуасиндин» атынан 2016-жылы акчаны Токтосун Туманбаев төлөгөн — ал «АКА Петролеум» компаниясына ээлик кылган «Терексаи Жаштары» компаниясынын директору.

«АКА Петролеум» өз кезегинде январь айында «АКА Инвест» деп өзгөртүлгөн «АКА минералз энд майнинг» компаниясына ээлик кылат.

Ошентип бир конкурска катышкан «Хуасинь» жана «АКА Инвест» компаниялары Токтосун Туманбаев аркылуу байланыштуу болуп калышты.

Фактчек:

«Клооптун» редакциясы компаниялардын ортосундагы байланышты Юстиция министрлигинин жана «Ачык бюджеттин» маалымат базалары аркылуу текшерип, натыйжада маалымат туура болуп чыкты.

Байланыш: Атамбаев — Абировдор — «Рассвет компани» — ЖЭБге жеткирүүлөр

Ошондой эле, 31-марттагы КСДПнын курултайында тартылган сүрөт Байсаловдун көңүлүн бурган. Ал сүрөттө Атамбаев менен кошо (эки адамдан кийин) Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана КСДПнын мүчөсү Жаныбек Болотбекович Абиров турат.

Байсаловдун маалыматына боюнча, депутат — бери эле дегенде акыркы үч жылда Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр жеткирүүгө тендерлерди утуп келген «Рассвет компани» фирмасынын ээси Болотбек Абировдун баласы.

Ошондой эле, Абиров «CIM KG INTERMEDIARY» жана «БОКА» компанияларына ээлик кылып, директор катары «Строй Лэнд» фирмасын жетектейт. Байсалов ырастагандай, бул фирмаларга тиешеси болгон же болбосо буга чейин «Граф» деген ат менен белгилүү миллиардер Алижан Ибраимовго катталган.

Ибрагимов «Расвет Компаниге» ээлик кылып, Атамбаевдин жардамы менен ЖЭБге көмүр жеткирүүгө тендерлерди утуп алып жатканы тууралуу 2016-жылдын декабрында ошол кезде парламенттин депутаты болуп турган Кыргызстандын экс-башкы прокурору Аида Салянова да жазып чыккан.

«Кимде ким Бишкек жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө тиешеси болсо, ал Атамбаев өзү!» — деп жазган ал ошондо өзүнүн фэйсбук барагында.

Байсалов өзүнүн тасмасында Атамбаевге кайсы эмгеги үчүн ага мамлекеттик резиденцияда үй куруп беришкени тууралуу жана бул коррупциянын белгиси болуп эсептелбейби деп суроо салган.

Фактчек:

Жаныбек жана Болотбек Абировдордун ортосундагы бир туугандык байланышты текшерүү абдан кыйын. Алардын фамилиялары дал келип жатканы так белгилүү, ал эми Жаныбектин атасынын аты Болотбектин аты менен дал келүүдө. Аларды дал ошо «Восток и К» компаниясы байланыштырат, ал жакта Жаныбек өмүр баянына ылайык коммерциялык директор болуп иштеген, ал эми Болотбек Абиров анын ээси болгон.

Материал жарык көрүп аткан маалда Абиров Байсалов айтып жаткан «CIM KG INTERMEDIARY» компаниясына ээлик кылган эмес. Бирок ал аты окшош башка «CIM KG PROPERTIES» компаниясына ээлик кылат.

«CIM KG INTERMEDIARY» («CIM KG PROPERTIES» сыяктуу эле) жана «БОКА» компанияларынын Алижан Ибрагимов менен байланышын түзүүчүлүк жана компаниянын өзгөрүү тарыхы жөнүндө документтерсиз аныктоого кыйын. Бул маалымат документалдык тастыктоонун талап кылат.

КСДПНын реакциясы: «Окугандан жийиркенмекпиз»

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдиргендей, Байсаловдун иликтөөсү жөнүндө «Клооптун» журналисттеринен угушкан, ал эми кийинчерээк материалды карап чыккандан кийин Атамбаевдин партиянын курултайындагы сөздөрүн келтирди.

«Алмазбек Шаршенович курултайдан кийин журналисттер менен жолугушууда мынтип айткан: “Мен Эдичка Байсаловду окугандан жийиркенмекмин. Ал айткандарды базарда да айтышпайт”. Ушу менен ойдун бардыгы жеткирилген деп ойлойм жана бизде башка комментарий жок», — деди ал.