Калиев ЖЭБди жаңыртуу үчүн аттиштердин кымбат баасын түшүндүрдү, ал эми станциянын экс-директору аны четке какты

Айбек Калиев (оңдо экинчи) жана премьер-министр Сапар Исаков (солдо экинчи) 2018-жылдын 27-январында Бишкек ЖЭБинде. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Жылуулук электр борборун жаңыртуу (ЖЭБ) үчүн 320 долларлык аттиштердин баасына атайын жабдыктардын бүтүндөй топтому киргенин түшүндүрдү Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы. Жылуулук борборунун мурдагы директору ырастагандай, Улуттук энергетикалык холдинг аттиштердин баасын негиздеп бериш үчүн «документтерди өзгөрткөн».

Калиев эмне дейт?

Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев Бишкек ЖЭБде авариянын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын жыйынында жылуулук борборун жаңыртуу учурунда эмне үчүн аттиштер 320 доллардан сатылып алынганын түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, сатып алуу тизмегине «аттиштер» деп чубалма жылдыргыч үчүн атайын шаймандарды белгилешкен — бул 18 ар түрдүү шайманы бар чемодан жана узундугу 20 метр вулкандык резинанын эки блогу.

«Бул кадимкидей эле базардан табылгыс атайын резина, ал атайын чубалма жылдыргыч үчүн жасалган. Эгерде ал үзүлүп кетсе аны кайрадан тигип, жамап койсо болот. Которуп жатышканда жөн гана кыскача "аттиштер" деп жазып коюшуптур, бирок чынында бул атайын адистештирилген жабдыктын топтому», — деп түшүндүрдү Калиев.

Шаймандардын бааларын талкуулоо Бишкек ЖЭБин жаңыртуунун айланасында чыккан чатактан кийин башталган, анда жылуулук борбордун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди жаңыртуунун баасы жогорулатылган жана ал 386 млн долларды түзгөн эмес деп билдирген.

ЖЭБдин экс-директору эмне деп жооп кайтарды?

Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору Калиевдин айткандарын четке какты. Анын ырастоосуна ылайык, Улуттук энергетикалык холдинг аттиштердин кымбат баасын негиздеп бериш үчүн жөн гана «документтерди өзгөртүп» койгон.

«Алар документтерге өзгөртүү киргизип, жаңы документ түзүшкөн. Анда аттиштерди, ачкычтар топтому бар эки чемоданды жана чубалма резинаны бириктиришип, бир бааны көрсөтүп коюшкан», — дейт ал.

Анын айтымында, Калиев көрсөтүп берген шаймандары бар чемодан сатып алуу тизмегинде өзүнчө көрсөтүлүп, ар бири 105 доллар турган. Ошондой эле, Өмүркүл уулу кийинчерээк өз сөздөрүнө далилдерди келтирип берээрин убада кылды.

Калиевге барыңар ишендиңерби?

Жок. Комиссиянын айрым мүчөлөрү да Калиевдин түшүндүрмөлөрүнө ишенишкен жок. «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов Калиев сөзүн жыйынтыктагандан кийин Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчилиги атайылап бардыгын адаштырып жатат деп айтты.

«Азыр алар кошумча эки чемоданды сатып алып, комиссиянын жыйынында бул жөнөкөй аттиштер эмес, жабдыктардын топтому деп айтыш үчүн аларды кампага калтырып коюшканы жөнүндө сөздөр чыгып атат», — деп билдирди ал.

Депутаттык комиссиянын калган мүчөлөрү Калиевдин түшүндүрүүлөрүнө эч кандай реакция кылышкан жок.

Кайдагы аттиштер? Мен бул жөнүндө эч нерсе билбейм

Аттиштердин айланасындагы чыр 26-январда Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин бир айдан соң чыккан. Февралдын башында станциядагы бузулуунун айынан кызматынан бошотулган жылуулук борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди жаңыртуу үчүн аттиштердин бир даанасы 320 доллардан сатылып алынганын билдирген. Жалпысынан бул баада эки аттиш сатылып алынган.