УКМК «Электр станциялардын» башкы директору менен ЖЭБди жаңыртуу боюнча топтун башчысын кармады

ЖЭБдин Электр станциялар ишканасы. Сүрөт: «Акчабар»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Электр станциялар» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев менен Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуу боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкуловду кармады. Алар убактылуу УКМКнын тергөө абагына киргизилишти.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыдырбаев менен Бримкуловго кылмыш иштери «ыйгарым укуктарды кыянат пайдаланууга» шектелип жатышканы үчүн козголгон.

Башында аткаминерлер Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу кылмыш иши боюнча өтүп жатышкан, андан кийин алардын иштери өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Январдын аягында башкы прокуратура ЖЭБдеги авариянын айынан «Шаалаакылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал иш боюнча УКМК марттын башында «Электр станциялардын» техникалык директору Алмаз Жусупбековду кармаган.  

Мындан тышкары, УКМК марты айынын башында «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоевди кармаган, ага ЖЭБдеги буу казандарда оңдоо иштерин жүргүзүүдө «өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын уурдоо» боюнча айып тагылган.  

УКМК ЖЭБдеги авариянын айынан 29-январда станцида текшерүү иштерин баштаган, ал эми 30-январда башкы прокуратура «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Авария 26-январь күнү кечинде болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле жылуу суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авариянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн депутаттык жана өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Мындан тышкары, депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБин жаңыртууну да иликтей баштаган.

2017-жылы Кыргызстан Кытайдын мамлекеттик «Эксимбанкынан» алган 386 млн доллар өлчөмүндө насыянын эсебинен ЖЭБди жаңыртууну аягына чыгарган. Жаңыртуу ишин Кытайдын TBEA компаниясы аткарган, ал өз алдынча Кытайдан жабдыктарды сатып алып, долбоор үчүн жалданмачыны өзү тандаган.

ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жаңыртууга 386 млн доллар эмес 250-260 млн доллар кеткенин билдирген. Ал 2-февралда премьер-министр Сапар Исаковдун сунуштамасы боюнча ээлеген кызматынан бошотулган.


ТЕМА БОЮНЧА: