Көчкү коркунучу сакталган аймакта мектеп салынып, бюджет 7 жарым миллиондой зыян тартты

Аюу-Сай айылы. Сүрөт: Эмирлан Маматкадыров/Kloop.kg

Ош облусундагы жер көчкү коркунучу сакталган Аюу-Сай кыштагында мектептин курулушу казынага 7 млн сомдон ашуун зыян келтирген. Өзгөн райондук прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, ушул жылдын март айындагы териштирүүдө Аюу-Сайдагы мектеп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) бүтүмү жок салынган.

«Аюу-Сайдагы мектептин курулушуна бөлүнгөн 1 гектар жерди текшерүүдө райондук мекемелердин баары —Зергер айыл өкмөтү, санэпидемстанция, өрткө каршы кызмат, архитектура, айлана-чөйрөнү коргоо кызматы, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы— оң жыйынтык чыгаруу менен акт түзүшкөн. Ал эми ӨКМдин Ош шаарындагы өкүлчүлүгү бул иш-чарага тартылган эмес», — деп билдирет көзөмөл орган.

Мектептин курулушу 2016-жылдын күз айларында башталып, учурда биринчи кабаты бүткөн бойдон, токтоп турат. Башкы прокуратура анын курулушуна кеткен чыгымдан улам казынага 7 млн 470 миң сом зыян келтирилгенин аныктаган.

Өзгөн райондук прокуратурасы мектептин курулушу боюнча айыл өкмөтүндөгү жана райондук мекемелердеги жооптуу милдеттеги адамдарга карата «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «шалаакылык» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Жер көчкү жүрүү коркунучу

ӨКМден билдиришкендей, Аюу-Сай кыштагында 20 жылдан ашуун убакыттан бери жер көчкү жүрүшү сакталып турат жана бул туурасында бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундарга жыл сайын эскертип келишет.

Мекеменин басма сөз катчысы Элмира Шерипова кооптуу аймакта мектеп курууга бөлүнгөн жерди кароо учурунда ӨКМдин кызматкерлери чакырылбай чечим кабыл алынганын «Клоопко» айтты.

«Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти жаңыдан курула баштаган Бубажан Тешебаев мектебинин аймагында жаракалар пайда болгонун былтыркы кырсыктан кийин аныктаган. Жергиликтүү администрацияга аталган аймакта көчкү коркунучу сакталганы эскертилип, мектептин курулушун токтотуу талабы коюлган», — деди Шерипова.

Оштогу Өзгөн районунун Аюу-Сай айылында 2017-жылдын 29-апрелинде жер көчкү жүрүп, 24 кишини турак-жайы менен басып калган. Тургундардын айрымдары аталган райондогу Ана Кызыл айылына көчүрүлгөн болсо, көпчүлүгү дале жер көчкү коркунучу сакталган кыштактан көчүп кете элек.


ТЕМА БОЮНЧА: