Иллюстративдик сүрөт

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2017-жылдын ортосунда эле «Чек сурап, акча утуп ал» акциясына 9 млн сом алган. Ага ылайык, ар бир кыргызстандык кафе, дүкөн же бутиктен чек алып, аны атайын сайтта каттап акча утуп алмак. Бирок акция бүгүнкү күнгө чейин өткөрүлбөй, ал эми бөлүнгөн акча коротула элек.

Бул кандай акция?

Бийликтин идеясы боюнча, акцияга ар бир Кыргызстандын жараны катыша алмак — ал үчүн сатып алуучудан дүкөн, кафе же бутиктен QR-коду бар чекти сурап, аны атайын промо-сайтта каттоо керек болчу.

Бийлик ар үч айда акчалай байгелерди ойнотууну өткөрүүнү пландаган, ал эми жеңүүчүлөр лотереядагыдай кокустук менен аныкталмак.

МСКнын басма сөз катчысы Эркин Сазыков «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, алгачкы байгелерди ойнотуу телевидениеде түз трансляция аркылуу, ал эми калгандары салык кызматынын сайтында өткөрүлмөк.

Бул эмне үчүн керек?

«Чек сурап, акча утуп ал» акциясын өткөрүү менен бийлик маалыматтарды салык кызматына онлайн түрдө берип турган көзөмөл-кассалык машиналарды чекене соода тармагына ишке киргизүүнү тездетүүнү пландаган.

Мындай кассалык аппараттарды Кыргызстанда 2016-жылдын ортосунан баштап ишке киргизе башташкан. Салык кызматында мындай аппараттар көмүскө экономика менен натыйжалуу күрөшүүгө шарт түзөт деп эсептешет.

«Мамлекеттик деңгэлде мындай системаны түзүү кошумча нарк салыгына жана сатык салыгына карата алдамчылылык аракеттер менен күрөшүүгө шарт түзөт», — деп билдирген 2017-жылдын май айында МСКнын төрага орун басары Кубанычбек Кумашов.

МСК эски кассалык аппараттарды жаңыларга алмаштырууну 2018-жылдын 1-июлуна чейин бүткөрүүнү пландап жатат.

Мен эмнеге бул акция жөнүндө билбейм?

МСК 2017-жылдын сентябрында акция үчүн алты айлык пиар компаниясын өткөрүүгө жана иштеп чыгууга мамлекеттик сатып алуулар сайтында тендер жарыялаган.

Сазыковдун айтымында, салык кызматы 9 миллиондун ичинен 3 млн сомун калктын арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүүгө, телевидениеден эфир сатып алууга, акцияны коштоого жана пиар-кампаниянын кызматын төлөп берүүгө жумшоону пландаган.

Калган 6 млн сом жалпы республикалык акциянын байге фондуна кетмек.

Бирок тендерге бир да компания катышкан эмес, ошондуктан аны жокко чыгарышкан. Ал эми жалпы республикалык «Чек сурап, акча утуп ал» акциясын белгисиз мөөнөткө жылдырышкан.

Бийлик бөлүп берген 9 млн сом кайда?

Сазыковдун айтымында, азыр 9 млн сом Салык кызматынын депозиттик эсебинде турат.

«Акциянын мындан аркы тагдыры Өкмөт менен Экономика министрлигинде чечилиши керек. Былтыр биз аны карай турган Экономика министрлигине акцияны токтото туруу боюнча буйрук жөнөткөнбүз», — деди ал.