Өзбек чек арачылары кыргызстандыкты атып салышты. Эмне белгилүү?

Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстративдик сурөт. Виктор Драчев/AFP

Өзбекстандын чек арачылары 7-апрелде Жалал-Абад облусунда Кыргызстандын жаранын атып салышты. Алардын версиясы боюнча, кыргыз жараны чек ара тартибин бузган. Бирок кыргыз тарап адам өлтүрүү Кыргызстандын аймагында болгон деп айтууда. Бул жөнүндө эмне белгилүү?

Эмне болгон?

Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Мамай тилкесинде өзбек чек арачылары атып салышкандан кийин ооруканада көз жумду.

Кыргызстандын өкмөтү өзбек тарап менен биргелешип бул окуяга карата «дыкат иликтөө» өткөрүүнү тапшырды. Кыргыз бийлиги каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берүүнү убада кылды.

Кыргызстандын версиясы

Кыргыз өкмөтү 7-апрелде Өзбекстандын чек ара отряды Жалал-Абад облусунун Мамай тилкесинде «белгисиз бир себептер боюнча» Кыргызстандын Ф. Мырзалыков аттуу жаранын атып салганын кабарлаган. Мырзалыков ооруканада көз жумган.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын элчиси Комил Рашидовду чакырып, кыргызстандыктын өлүмүнүн жагдайы жөнүндө маалымдап турууну суранып, ага нота тапшырган.

Кыргыз тарабынын версиясы боюнча, каза тапкан адам Курулуш айлынан Мамай айлын көздөй бара жаткан жана Өзбекстандын чек арасын бузбай, Кыргызстандын аймагында кетип бара жаткан.

Өзбекстандын версиясы

Өзбек чек арачылары билдиришкендей, кыргызстандык чек ара тартибин бузуп, эскертип ок чыгарганга баш ийбей койгон.

«Өзбекстандын чек ара аскер күчтөрү токто деген талаптар менен абага атылган эскертип ок чыгарганына баш ийбей, жарадар болгонуна карабастан коңшу өлкөнүн аймагында изин жашырып кеткен кыргызстандык чек ара бузуучуну кармоо боюнча чараларды көрүүгө аргасыз болушкан», — деп келтирүүдө Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин сөздөрүн «Gazeta.uz» басылмасы

Чек арачылардын айтымында, Кыргызстандын аймагында эреже бузган кишини машина күтүп турган жана ал ошондон ары изин суутуп кеткен.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын премьер-министрлери жүз берген окуяны телефн аркылуу талкуулашып, 9-апрелде эки мамлекеттин чек арачыларынын башчыларынын жолугушуулары жөнүндө сүйлөшүштү.

Дагы эмне белгилүү?

Фэйсбуктун колдонуучусу Жуманазар Алманбет уулу 8-апрелде «Акыркы маалыматтар» тайпасында эки видео жарыялаган. Алардын биринде жарадар болуп кансыраган жаш бала менен куралчан аскер формадагы адамды көрүүгө болот.

Posted by Жуманазар Алманбет Уулу on Sunday, April 8, 2018

Экинчи видеодо анын автору өзбек чек арачысы кийинчерээк ооруканада каза тапкан адамды Кыргызстандын аймагында атып, анын денесин Өзбекстандын аймагына сүйрөп кетүүгө аракет кылганын түшүндүргөн. Бирок жарадар болгон кыргызстандыкты жергиликтүүлөр көрүп калып, чуу чыгарышканда чек арачы качып кеткен.

Posted by Жуманазар Алманбет Уулу on Sunday, April 8, 2018

Мындан тышкары, видеонун автору ыктымал өзбек чек арасына көздөй кеткен кандын издерин көрсөткөн.

Кыргызстандын чек ара кызматынан «Клоопко» жарыя болгон видеодогу окуянын аныктыгын тастыктады. Бирок алар иликтөө аяктаганга чейин окуяга комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Ооба, бул чын эле күбөлөр тартып алган видео. Мындан башка эч бир комментарий бере албайм, бардыгы иликтөө бүткөндөн кийин белгилүү болот», — деп билдиришти чек ара кызматынан.