Бир кадр менен: Жалал-Абадда белгисиз адамдар алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөп кетишти

Окуя болгон жерден сүрөт. Булак: «Турмуш» басылмасы

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 11-апрелде белгисиз адамдар «Жи Эл Макмал Девелопинг» алтын өндүрүүчү фабрикасынын курулуп жаткан имаратын өрттөп кетишти.

«Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт өчүргүч машина жолду машиналар тосуп калгандыктан окуя болгон жерге өтө албай жатат.