Исаков 12-апрелде «Акылдуу шаарды» сыноо түрүндө ишке киргизүүнү убада кылды

Иллюстративдик сүрөт

Премьер-министр Сапар Исаков парламентте билдиргендей, азырынча жол коопсуздугун түшүндүргөн «Акылдуу шаар» долбоору 12-апрелде сыноо тартибинде ишке киргизилет. Жол эреже бузууларын көзөмөлдөгөн видеокамералар азырынча Бишкектин жолдоруна гана орнотулат.

Исаков билдиргендей, видеокамералар азыр Фрунзе-Ибраимов, Байтик Баатыр-Горький, Байтик Баатыр-Ахунбаев жана Байтик Баатыр-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиштеринде орнотулган.

«Эртең биз онлайн түрдө долбоорду ишке киргизебиз. Азырынча камералар сыноо тартибинде иштеп жатат. Бир айдын ичинде жарандарга штрафтар келе баштайт», — деп билдирди премьер-министр.

Буга чейин вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев парламенттин профилдик комитетинде өкмөт «Акылдуу шаарды» өз күчү менен ишке киргизүүгө аракет кылып көрөөрүн билдирген. Анын айтымында, азыр үч компания долбоорду ишке ашыруу укугу үчүн күрөшүүдө.

Ал Горький көчөсүндө бир гана кадимки видеокамералар эмес, 360 градус байкоо шыгы бар «балык көз» камералары да орнотулганын айтты. Мындай камералар тилкедеги жалпы кырдаалдын сүрөтүн берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«Акылдуу шаар» долбоору

Өкмөт жолдорго камераларды 2018-жылдын январында эле орнотууну убада кылган. Анда бийлик «Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен инвестициялык келишим түзгөн.

«Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү 60 млн долларга бааланган. Өкмөт камераларды орнотууга кеткен каражаттарды инвесторлорго штрафтан түшкөн акчалардын эсебинен төлөп турууну пландаган.

Бирок январдын аягында камераларды орнотууну «Хуавэй» Кыргызстанга камераларды алып келе элегине байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырышкан.

Кыргыз бийлиги 14-мартта «кытайлык өнөктөштөр тарабынан милдеттер аткарылбай жаткандыгынын» айынан «Хуавэй» компаниясы менен кызматташтыкты үзгөн.

Бийлик 2011-жылдан бери Бишкектин жолдоруна камераларды орнотууну убада кылып келет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериш шаарчаларынынын кесилиштеринде гана бир нече камералар пайда болгон.

Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик дагы эле конкурстан жеңген «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошуп жатат.