Маммкүлктүн экс-башчысы хан сарайларды «арзандатылган» баада саатууга шектелип кармалды

Болсунбек Казаков Сүрөт: sdpk.kg

ИИМдин тергөө кызматы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун (ММБФ) мурдагы башчысы Болсунбек Казаковду хансарайлар шаарчасын «арзандатылган» баада сатуу боюнча шектеп кармады.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Казаков 10-апрелде кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Ал «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасынынын аймагындагы 48 үйдүн «арзандатылган» баада сатылышына шектелүүдө. Ал эми Казаков өзү коттеждердин баасы сатып алуучулар жоктугунан улам арзандатылганын айткан.

«Комплекстин баасы айрым бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жасалма жол менен төмөндөтүлгөн эмес. Объекттер мыйзамдуулук жана башка шарттарды эске алуу менен эң эле жогору бааны сунуштаганга сатылды», — деп билдирген Казаков.

ИИМдин басма сөз кызматы журналисттик иликтөөгө таянуу менен коттеждер баштапкы аныкталган 242 млн сомдун ордуна 142 млн сомго сатылган деп билдирди.

«Коомчулуктун айрым өкүлдөрү Мамүлк фондусу негизсиз баа боюнча сатканына кабатырланууда», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.  

Казаковго каршы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Алканованын иликтөөсү

Журналист Элнура Алканова 2017-жылы күз айларында «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасынынын сатылышы жөнүндө иликтөө жарыялаган. Алканова өз материалында үйлөрдүн сатылышына премьер-министр Сапар Исаковдун байланышы болушу ыктымалдыгын жазган.

Алканова «БТА Банктын» башкарма төрагасы Темир Рыскуловду хан сарайлар шаарчасынын ыктымал сатып алуучусу жана аны бала кезинде чогуу окуган премьер-министр Сапар Исаковдун досу деп атаган.

Анын маалыматтары боюнча, өкмөт башчысынын бир тууганы Капар Исаков сатык иштери жүргүзүлүп жатканда банктын жетекчилик кызматына дайындалган.

Ал эми өз кезегинде өкмөт журналисттин жүйөөлөрүн четке кагып, материал жарыяланган «Фергана» басылмасы менен Алкановадан эл алдында кечирим суроону талап кылган.

Ошондой эле, башкы прокуратура да премьер-министрдин «Идеал Хаустун» сатып алуу жана сатыкка чыгаруу ишине байланыштыгын четке каккан — башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча Рыскулов менен Исаков чогуу окушкан эмес.

Бирок башкы прокуратура жагдайды териштирүү үчүн «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Финансы полициясы 2017-жылдын декабрында журналистке карата кылмыш ишин козгогон, тергөөчүлөр Алканованы банктын жашыруун сырды таркатууга («БТА Банк» — ред.) шектешкен.

Алкановага 13-февралда айып тагылган. Тергөөчүлөр ага Бишкектен чыгууга тыюу салышкан.

В марте Генпрокуратура передала дело в отношении журналистки на доследование.

Алканова менен «Фергана» басылмасы иликтөөдө Сапар Исаковдун бул ишке түздөн-түз тиешеси болгону жөнүндө ырастоолор жок деп билидиришип, жарыяланган материал үчүн кечирим суроодон баш тартышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: