Исаков Тогуз-Тородо фабрика өрттөлгөндөн кийин акимди кызматтан бошотту

Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идрисовду кызматтан алды. Идрисовдун отставкасына анын 11-апрелде белгисиз адамдар алтын казып чыгаруучу «Жи Эл Макмал Девелопинг» фабрикасын өрттөшкөндө, жаңжалды жайгара албагандыгы себеп болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Исаков Идрисовду бошотуу боюнча буйрукка 12-апрелде кол койгон.

«Мен ИИМге тапшырма бердим. Бардык күнөлүүлөр жоопко тартылат. Мыйзам алдында сен премьер-министр, депутат же жөнөкөй жаран болсоң да бардыгыбыз бирдейбиз. Тогуз-Тородо чыккан жаңжалда чагымчы бар», — деп билдирген ал 11-апрелде парламенттин жыйынында.

Ички иштер министрлиги «Бейбаштык», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» жана «Массалык тартипсиздик» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

11-апрелде белгисиз адамдар алтын өндүрүүчү «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын имаратын өрттөп жиберишкен. Бул күнү ведомстволор аралык комиссия менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусу өткөрүлмөк, бирок жолугушуу башталганга чейин чогулгандар башаламандык чыгарышкан.

Белгисиз адамдар алтын иштетүүчү фабриканын аймагына кирип барышып, курулуп жаткан имаратты техникалары менен кошо өрттөп жиберишкен. Өрт өчүргүч машина жолду автоунаалар тосуп калгандыктан окуя болгон жерге өтө албай койгон.

Окуянын тарыхы

Казарман айлынын тургундары 2018-жылдын мартында бир нече жолу алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна каршы митингге чыгышкан. Алар компаниянын жетекчилигинен курулуш жүргүзүү үчүн уруксат документтери менен айлана-чөйрөгө тийүүчү зыяндын ыктымалдуулугун аныктап чыгууну талап кылышкан.

«Жи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын башчысы Максат Жээналиев жергиликтүүлөрдүн кооптонууларын «негизсиз» деп атап, алардын фабрика «таза технологияны» колдонушаарын билдирген.  

Митингдин айынан 10-мартта Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети фабриканын курулушун токтотуп койгон.

Алардын айтымында, курулушту жандантуу үчүн компания экологиялык коопсуздук менен айлана-чөйрөгө таасирин жана жер казынасын коргоо боюнча экспертизанын оң натыйжаларын алып, ошондон кийин маморгандар менен жергиликтүү туругундардын катышуусунда коомдук угууларды өткөрүшү керек.

2017-жылдын сентябрь айында «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясы өлкө боюнча алтын кенин кайра иштетүүчү фабрикасынын жаңы объектисин курууну баштаган жана аны 2018-жылдын жай мезгилине бүтүрүүнү пландаган.


ТЕМА БОЮНЧА: