Кыргызстандын курамасы 75-орунга көтөрүлүп, ФИФАнын рейтингинде жаңы рекорд жаратты

Кыргыз курамасынын футболчулары Индиянын курамасын жеңгенден кийин өздөрүнүн машыктыруучусу Александр Крестининди көтөрүп жатышат. Сүрөт: Марат Абдыкалыков/Kloop.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде апрель айынын эң мыкты командасы деп табылды. Александр Крестининдин шакирттери дароо 40 позицияга секирик таштап, өз рекордун жаңыртуу менен 75-орунду ээлеген. Буга чейин кыргыз курамасы рейтингдин 99-орунуна чейин гана жеткен.

Март айында курама тарыхта алгачкы жолу Азия Кубогуна жолдомо утуп алган — бул Азия футбол конфедерациясынын башкы турнири.

Континенталдык таймаштарга тандоо матчтарындагы (Мянма менен Индияга каршы) жеңиштер Кыргызстанга дароо 424 упай берип, 75-орунду ээлөөгө шар түзгөн.

Апрель айынын рейтингине чейин кураманын 2016-жылдын октябрь айында ээлеген 99-оруну мыкты көрсөткүч деп эсептелип келген.

Кыргызстан тарыхта экинчи жолу айдын мыкты курамасы деп табылууда. Анда да биринчи жолкусу 2013-жылы апрель айында болгон. Ал кезде Сергей Дворянковдун шакирттери АФКнын чакыруу Кубогунда тандоо айлампасында үч матчты жеңип, 59-орунга көтөрүлүшкөн.

Апрель айында бардыгынан да дароо 23-орунга түшүп кеткен Гаитинин курамасынын тагдыры чатак болуп турат.

ФИФАнын рейтингинин топ-5 мыкты командаларынын рейтинги эч өзгөрүүсүз турат. Германия биринчиде, Бразилия экинчи, ал эми Бельгия үчүнчү орунда. Алардын артында Португалия жана Аргентина турат.

Швейцариянын курамасы алтынчы, Франция жетинчи, Испания сегизинчи орунда турат, ал эми булардын артында Чилиин курамасы орун алган. Мыкты 10 команданын катарына Польшанын курамасы да кирген.

ФИФАнын курамалар рейтинги — өтүп жаткан учурда командалардын күчүн аныктай турган система. Ал ай сайын жаңыланып турат.

Упай чегерүү системасы туруктуу эмес жана көптөгөн жагдайлардан: атаандаш курама команданын күчүнөн, ФИФАнын учурдагы рейтингиндеги орундан, матчтын маанилүүлүк коэффициентинен жана башкалардан көз каранды.


ТЕМА БОЮНЧА: