Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында 12синен 13-апрелге караган түнү өрт чыгып, беш сааттын ичинде өчүрүлдү. Тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян келген эмес, материалдык чыгым такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын башчысы Абдишарип Бекилов «Клоопко» билдиргендей, базарда чыккан өрттү өчүрүүгө алты бригада тартылган.

«Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт чыкканы тууралуу маалымат түнкү саат 02:00лер чамасында келип түштү. Тилсиз жоо таңкы саат 06:27де чектөөгө алынды», — деди Бекилов.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан жабыркагандар жок жана материалдык чыгымдар такталууда.

Буга чейин 10-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында өрт коопсуздугун алын алуу боюнча машыгуу өткөрүлгөн. ӨКМден кабарлашкандай, базардагы өрт коопсуздугунун сакталышына «канааттандырарлык» деп баа берилгени менен өрт өчүрүүчү техника базардын ичине кире алган эмес.

«Соода-түйүндөрүн иретке келтирүү боюнча тапшырма берилген. Анткени, өрт өчүрүүчү машина базарга кире алган эмес. Андан сырткары, Жалал-Абад шаарынын борбордун базарында гидранттар жана суу көлмөлөрү жок болуп чыккан», — деди Бекилов.

Бекилов кошумчалагандай, аныкталган мүчүлүштүктөрдү оңдоп-түзөөгө базар жетекчилигине он күн убакыт берилген.

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын жетекчиси Канатбек Усенов өрт эскилиги жеткен электр чубалгыларынан улам чыккан болушу мүмкүн деген божомолун «Клоопко» айтты.

«Негизинен биздин борбордук базарга электр чубалгылары СССР маалында тартылган бойдон жаңыланган эмес. Менин жеке пикирим боюнча өрттүн чыгуу себептери да дал ушуга байланыштуу», — деди Усенов.