ИИМ: Салянованын инисинин өлүмүнүн бети ачылды

Улан Саляновду атып кетишке үй

Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Исраилов парламентте билдиргендей, экс-башкы прокурор Аида Салянованын инисинин өлүмүнүн бети ачылган. Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрь күнү кечинде өз үйүнөн атып кетишкен.

Исраилов ИИМ азыр Саляновдун өлүмүнө шектүүлөрдүн акыркысын Орусиядан экстрадициялоонун үстүндө иштеп жатканын айтты.

«ИИМ башында эле саясий себеп жок экенин билдирген. Бул кылмыштын бети ачылды, экөө кармалды, үчүнчүсүн экстрадициялоо маселеси чечилди. […] Ал эми бардык буюм далилдер, курал, жүйөөлөр — бул нерсенин бардыгы тергөө жолу менен аныкталды. Кененирээк сиздерге айтып бере албайм, тергөө жүрүп атат, бирок кылмыштын бети ачылды», — деди ал.

Улан Саляновду өз үйүндө 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Милициянын маалыматы боюнча, кол салгандар бет кап жана кол капчан үч адам адам болгон.

Маркумдун туугандарынын айтымында, кылмышкерлер камуфляж кийинген, аскер өтүкчөн болушкан. Саляновдун туугандары кылмышкерлер үйдөн эч нерсе алып кетишпегенин билдиришкен. Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ишти иликтөөнү ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган. Ошол эле күнү ИИМ Улан Саляновдун өлтүрүлүшүн «саясий эмес иш» деп жарыялаган.

Милиция 28-декабрда Бишкекте кылмыштын уюштуруучусу болушу ыктымал, ошол эле учурда, адам өлтүрүүгө негизги шектүүнү колго түшүргөнүн билдирген.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү өлтүрүлгөн Салянов менен «тааныш болгон» жана буга чейин каракчылык, бейбаштык, уурулук жана талоончулук үчүн төрт ирет соттолгон. Маркумдун үйүнөн номерлери өчүрүлүп, үч магазинде 17 огу бар «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча табылган. Январь айында милиция Москвада кылмышка шектелген экинчи адамды кармаганын билдирген.

Бирок Салянова өзү бул кылмышты «саясий» деп билдирген.

«Бул иште саясий жүйөө бар. Кылмыш болгондон кийин дароо күч түзүмдөрүнүн саясий жүйөөнүн жоктугу боюнча билдирүүлөрү таң калтырууда. Иликтөө тийиштүү деңгээлде жүрбөй жатат. Мен анын калыстыгына ишенбей турам. Кимдир бирөө артыңарда отуруп алып, үйрөтүп жатат», — деген ал.

Салянованын «Ата Мекен» партиясындагы тарапташтары менен укук коргоочулар саясий кылмыштуулук боюнча версияны колдоого алышкан. Алар билдиришкендей, Саляновага 2015-жылы башкы прокурор болуп турган кезде коркутуп-үркүтүүлөр келип турган.


ТЕМА БОЮНЧА: