Сүрөт: Максат Элебесов / Sputnik

Коомдук ишмер Адил Турдукулов менен журналист Булат Сатаркулов Бишкек мэриясы сатып алган көчөттөр тууралуу репортаж жарыялашты. Анда 2017-жылы мэрия четтен алынып келинген көчөттөрдүн бир даанасын 9000 сомдон сатып алганы, бирок аларды жергиликтүү базардан он эсе арзан сатып алса болоору айтылат. Бийлик Европанын көчөттөрүнүн мындай кымбат баасын алардын сапаттуулугу менен түшүндүрүүдө.

Турдукулов менен Сатаркуловдун материалы 16-апрелде чыккан жана ал «Калааны жашылдандыруу: Маселенин баасы канча?» деп аталат. Анда Турдукулов Бишкек мэриясы былтыр кыйылган бактардын ордун толтуруу максатында шаарда он миң көчөт отургузганын айтып берет.

Мэрия тиккен көчөттөрдүн жарымы — импорттук. Ар бир көчөт үчүн мэрия 4000 сомдон 9000 сомго чейин төлөп берген.

«Жашылдандыруу курулуш» ишканасынын тендери

Турдукулов менен Сатаркулов өз иликтөөсүндө 2017-жылдын октябрында мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган «Жашылдандыруу курулуш» ишканасынын тендери жөнүндө айтып беришет. Тендердин документтерин изилдеп чыккан Турдукулов менен Сатаркулов «Жашылдандыруу курулуш» ишканасы 900 көчөттү —  майда жалбырактуу жөкө дарак, далдагай жалбырактуу бактар жана кара коңур дарактардын (тамыр системасы жабык ири көлөмдүү бактарды) — ар бир көчөтүн 9000 сомдон сатып алганын аныкташкан.

Турдукулов менен Сатаркулов бул тендер боюнча сатылып алынган бактардын дагы үч түрү жөнүндө эскеришкен эмес: чыгыш чынары, Недзвецкий алмасы жана четин багы. Булар да тамыр системасы жабык ири көлөмдүү көчөттөр.

«Жашылдандыруу курулуш» ишканасы чыгыш чынарынын ар бирине 9 миң сом, ал эми Недзвецкий алмасы менен четин багынын көчөттөрү үчүн 4800 сом төлөшкөн.

Ири көлөмдүү көчөттөр — бул бийиктиги үч метрден он беш метрге чейин жете чоңойгон бактар. Мындай бактар дайыма жер кыртышы менен кошо тигилет. Бул көчөттү бир жерден башка жерге көчүрүп отургузууда чоң өсүмдүктүн тамыры көбүрөөк болушу керектиги менен байланыштуу. Ал эми негизги тамыр массасын жер кыртышы менен кошо казып сактап калуу мүмкүн.

Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков мэриянын кымбат баалуу көчөттөрдүн сатылып алынышын атамекендик көчөтканаларда «жерге жакшы тигилчү материалдар жок» экендиги менен түшүндүрдү.

«Биз Бишкекке жакын жердеги бардык көчөтканаларды текшерип чыктык. Көчөтканаларда кайра өндүрүү аксап атат, калыбына келтирүү үчүн селекциялык база жоголгон», — деп айткан Исаков Турдукуловго курган маегинде.

Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылындагы көчөтканадан Турдукуловго жөкө дарактын үч жылдык көчөтү (бийиктиги бир жарым метр жана калыңдыгы 2-3 сантиметр) 200 сом экенин айтып беришкен.

Турдукулов менен Сатаркулов Кыргызстанда көчөттөрдүн базар баасын билүү максатында сатыкка чыгаруу үчүн жерге тигилчү материалдарды өстүрүшкөн үч кыргыз көчөтканаларына барып келишкен.

Бишкектин Түштүк магистралындагы көчөттөр.
Сүрөт: Эмил Султаналиев / Kloop.kg

Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги башка көчөтканадан Турдукуловго кара коңур бактын көчөтү 70 сом, ал эми алма бак 100 сом тураарын айтышкан.

Үчүнчү «Жердев Сад» көчөтканасынын адистери көчөттөрдүн баасы 100 сомдон 500 сомго дейре бааланаарын билдиришкен.

Турдукуловго маек курган көчөтканалардын кызматкерлери көчөттөрдүн так породаларын айтышкан эмес. Ошондуктан алар тендердин шарттарына туура же туура эмес келиши мүмкүн деп так айтууга болбойт. Бирок репортажда көрсөтүлгөн көчөттөрдүн бардыгы — ири көлөмдүү эмес.

Өлбөй өсүп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору

Материал жарык көргөндөн соң бир күндөн кийин «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы (мурда анын аты «Жашылдандыруу курулуш» болчу) журналисттер үчүн экскурсия өткөрүп, алардын адистери көчөттөр эмне үчүн кымбат болгонун түшүндүрүп беришкен.

«Жашыл чарбанын» директору Алымжан Усубакунов жашылдандыруу үчүн ири көлөмдүү көчөттөрдү былтыркы жылы гана сатып алууну чечишкенин билдирди. Анын айтымында, көчөттөрдү 9 миң сомдон сатып алуунун алдында ишкана кыргыз көчөткөналарында мониторинг жүргүзгөн.

«Баалардын мониторинги бүгүнкү күндө тамыр системасы жабык ири көлөмдүү көчөттөрдү өстүрүү практикасы аларда жок экенин көрсөткөн. [...] Биздин жергиликтүү компаниялар катышышкан эмес. Анткени аларда мындай материал жок болчу», — деди ал.

Учубакунов жергиликтүү көчөтканалар диаметри 2-4 сантиметр, бийиктиги 2 метрге чейинки бактарды сатышаарын, ал эми сатылып алынган көчөттөрдүн диаметри 6-10 сантиметр жана бийиктиги 3 метрден 5 метрге чейин жетээрин айтты.

«Бизде тендер өттү, көчөттүн баасы — төрт миңден тогуз миң сомго чейин. Бактарды алып келип, өстүргөн бакча борборлору бизде бар. Биз мониторинг жүргүздүк. Бул борборлор так эле ушундай бактарды 12 миңден 16 миң сомго чейин сатышат», — деди ал.

«Жашыл чарбанын» кызматкерлери журналисттерге жабык cистемадагы көчөттөрдү көрсөтүүдө. Сүрөт: Эмил Султаналиев / Kloop.kg

Усубакуновдун айтымында, тигилген бактардын 90% учурдагыларга салыштырмалуу өлбөй, өсүп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору.

«Бак үчүн эң эле коркунучтуусу — бул биринчи кыш. Ал алар кабыл алынганын көрсөттү. Биз абдан чоң анализ, мониторинг жүргүздүк. Ошондон кийин мындай көчөттөрдү сатып алууну чечтик. Бул абдан чоң акча, бирок бул керек да», — деди ал.

Ошондой эле, ал ишкана кадимки эле көчөттөрдү да тигүүнү улантып жатканын жана бул жылы жергиликтүү көчөтканалардан алынган эки миңден ашуун көчөт отургузулганын кошумчалады.

«Жашыл чарбанын» башкы агроному Элнура Жолдошева ишкана мындай баадагы көчөттөрдү анын көчөтканасында жок бактардын түрлөрүн гана сатып алганын айтты.

«Көчөттөр тендер боюнча алынган. Көчөттөрдүн жарымы Европадан алынып келинген. Биз жерге тигилчү материалдарды өстүргөн 28 [кыргыз] ишканасын текшерип чыктык. Аларда мынчалык өлчөмдө жана ири көлөмдүү түрүндөгү көчөттөр жок болчу», — деди ал.

Ал ири көлөмдүү көчөттөр бак-дарактар азыртан баштап абаны чаңдан тазалап, көлөкөнү кубалашы керек болгон жерлерди жашылдандыруу үчүн сатылып алынганын айтты.

«Жөнөкөй жерге тигилчү материал көлөкө, мындай жашыл масса алуу үчүн убакыт шашпаган жана күтүүгө мүмкүн жерлерде колдонулат. Жашыл аймак жок болсо анда кечиктирилгис түрдө ири көлөмдүү көчөттөр менен жашылдандыруу талап кылынат», — деди ал.

Жолдошева бактар тез өсүп, агрессивдүү шаар чөйрөсүнө туруктуулугу жана бутактарынын бат өнүшү сыяктуу критерийлер менен тандалаарын айтты.

Анын айтымында, «Жашыл чарбага» Бишкекте бактардын кандай түрүн тигүү керектигин Ботаникалык бакчанын адистери сунушташат. Ботаникалык бакчадан бул маалыматты «Клоопко» тастыктап беришти.

Ал эми 2017-жылы ири көлөмдүү көчөттөрдү жеткирип берүү тендерин утуп алган Art Green компаниясы комментарий берүүдөн баш тартып, «Жашыл чарбага» кайрылууну суранышты.

Түштүк магистралдагы дарактарды сугаруу системасы. Сүрөт: Максат Элебесов / Kloop.kg

Ири көлөмдүү көчөттөр кымбат турат

«Клооптун» кабарчысы комментарий алуу үчүн үч жеке көчөтканага кайрылып көргөндө, алардын дээрлик бардыгында ири көлөмдүү көчөттөрдүн баасы кымбат экенин тастыктап беришти.

Мисалы, Green Art көчөтканасынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, алардын ишканасында ири көлөмдүү көчөттөрдүн бааларынын диапазону 6 миңден 10 миң сомго чейин жетет.

«AGT-Азия» жеке көчөтканасынын кызматкери ири көлөмдүү көчөттүн баасы эгерде бак тамырланып, диаметри 6-10 метр, ал эми узундугу 3,5 метрден ылдый болбосо 9 миң сомго чейин жетээрин айтты.

«Эгерде ири көлөмдүү көчөттөрдү дүңүнөн сатып алса, анда анын баасы 9 сомду түзүшү мүмкүн. Бардыгы бактын сортуна жараша болот. Эгерде бир-бирден чекене баада сатып алса, анда 10 миңден кымбат турушу ыктымал», — деди ал.

Турдукулов менен Сатаркулов кайрылышкан «Жердев Сад» жеке көчөтканасынан «Клооптун» кабарчысына ири көлөмдүү көчөттөрдү сатышпай тургандыктарын билдиришти.

«Биз ири көлөмдүү көчөттөрдү өстүрбөйбүз, себеби бизде чоң ири көлөмдүү көчөттөргө суроо-талап жок. Экинчиден, бизде орто көлөмдөгү көчөттөрдү талап кетишет, ал эми алар ири көлөмдүүлөрдөй болуп чоңойбойт», — деди Ольга Жердева.

Бирок, ал «Жашыл чарба» Түштүк магистралында ири көлөмдүү көчөттөрдү тиккенине күмөн санап койду.

«Ири көлөмдүү көчөттөрдүн бийиктиги 4-5 метрден башталат. Түштүк магистралында тигилген бактар орто бойлуу жана бийиктиги эки-үч метрдей эле. [...] Жөкө дарак жана кара коңур дарактар жергиликтүү көчөтканаларда деле бар. Эмне үчүн бул көчөттөрдү Европадан алып келишкени түшүнүксүз», — деди ал.