УКМК ЖЭБдеги авария үчүн «Электр станциялардын» экс-башкы директору менен анын орун басарын кармады

Салайдин Авазов. Сүрөт: 24.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария иши боюнча «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов менен анын экс-орун басары Жолдошбек Назаровду ЖЭБдеги авария иши боюнча кармады. Алар жылуулук борборун Кытайдын ТВЕА компаниясы менен жаңыртуу келишимине кол коюлган учурда ишкананы жетектеп турушкан.

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Авазов менен Назаров 17-апрелде ЖЭБдеги аварияга байланыштуу иш боюнча шектүү катары кармалып, тергөө изоляторуна киргизилген.

Мамкомитеттен Авазов менен Назаров тагыраак эмнелерге шектелип атышканын ачыктап беришкен жок.

Салайдин Авазов 2012-жылдан 2014-жылдарга дейре Бишкек ЖЭБин башкарган «Электр станциялар» ишканасынын башкы директору болгон. Ошол кезде Авазовдун орун басары Жолдошбек Назаров болгон. Ал «Электр станциялардан» 2015-жылы кеткен.

Алар Бишкек жылуулук борборун Кытайдын ТВЕА компаниясы менен жаңыртуу келишимине кол коюлган учурда ишкананы жетектеп турушкан.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган. Бийлик дароо эле авариянын келип чыгуу себептерин жана станцияны жаңыртууга кеткен 386 млн доллар чыгымды изилдей баштаган.

Кармоолор жана бошотуулар

Бишкек жылуулук борборундагы авариядан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин козгого. Бул иш боюнча атайын кызматтар «Электр станциялардын» башкы директору Узак Кадырбаевди, ЖЭБди жаңыртуу боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкуловду жана техникалык директор Алмаз Жусупбековду кармашкан.

Мындан тышкары, УКМК ЖЭБди күзгү-кышкы жылытуу сезонуна даярдоо үчүн бөлүнгөн «өзгөчө ири өлчөмдө акчаны уурдоого» шектелген «Электр станциялардын» башкы директорунун мурдагы орун басары  Бердибек Боркоевди кармаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жалданмачылар менен жалган келишим түзүп, кмопаниядан акчаларды чыгарган.

Премьер-министр Сапар Исаков Улуттук энерго холдингдин башчысы Айбек Калиевди ал күзгү-кышкы жылытуу сезонуна даярдык көрүү үчүн жоопту болчу деп билдирип, аны ээлеген кызматынан бошоткон.

Мындан тышкары, өкмөт башчы ЖЭБдеги авария «чексиз шаалакылыктын» айынан болгон деген тыянак чыгарган. «Кышында бүтүндөй шаар жылуулуксуз калды, албетте, мындай нерсе кечирилгис», — деген Исаков.

Исаков ЖЭБдеги авариянын себептери боюнча комиссиянын корутундусун колдогон. Комиссия жылуулук борборунун кызматкерлери аварияны жокко чыгаруу боюнча эрежени бузган деген тыянак чыгарган.


ТЕМА БОЮНЧА: