КСДП фракциясы Абылгазиевдин талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырды

Мухаммедкалый Абылгазиев КСДП парламенттик фракциясынын жыйынында (биринчи планда). Сүрөт: КСДП

КСДП парламенттик фракциясы Мухамметкалый Абылгазиевдин өкмөт башчылык кызматка дайындалышын жактырды. Парламент 19-апрелде Сапар Исаков башында турган министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө вотумун билдирип, ушул эле күнү президент өкмөттү отставкага кетирди.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдиргендей, социал-демократтар Абылгазиевдин талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырышкан.

«Биз [20-апрелде] парламенттин кезексиз жыйынын чакыртып, анын талапкерлигин бекитүү үчүн спикерге кат жөнөтөбүз», — деди ал.

Бир нече кыргыз ЖМКлары өз маалымат булактарына таянып билдиришкендей, парламенттик көпчүлүк коалиция Абылгазиевдин талапкерлигин жактырып койгон. Бирок КСДПнын депутаты Дастан Бекешев билдиргендей, азыр «юридикалык жактан» мындай чечим жок.

«Бүгүн көпчүлүк коалициясынын жыйыны болду, бирок ал жакта болгону "Республика — Ата Журт" фракциясын [коалицияга] кабыл алышты жана [Абылгазиевдин] талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө чечим болгон жок. Муну юридикалык жактан бекитүү да керек, жок дегенде формалдуу кандайдыр бир жыйын болушу керек», — деди Бекешев «Клоопко» курган маегинде.

Парламенттин көпчүлүк коалициясына кирген «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Абылгазиевдин премьер-министрлик кызматка талапкерлигине каршы эмес экендигин айтты.

«Мен Мухаммедкалый Абылгазиевдин келиши менен президенттин, парламенттин жана өкмөттүн биргелешкен иш алып баруусу болот деп үмүттөнөм. өз кезегинде бул өкмөттүн өзүнүн туруктуулугу жана экономикалык реформалары үчүн керек», — деди Жапаров.

Азыр Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековдун администрациясын жетектейт.

Парламентарийлер 19-апрель күнү эртең менен Исаков башында турган министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө вотумун билдиришти: «каршы» — 5, «макул» деп 101 депутат добуш берди. Бир нече саат өткөндөн кийин Жээнбеков өкмөттүн отставкага кетиши жөнүндө жарлыкка кол койду.

Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген адам болчу жана анын отставкасы Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосундагы мамилелердин солгундап кетишин билдириши мүмкүн. Мындан тышкары, Исаковдун отставкасы үчүн Атамбаев өзү жетектеген КСДП партиясынын да депутаттары «макул» деп добуш беришти.

Абылгазиев деген ким?

Жээнбеков 2018-жылы март айында Абылгазиевди Фарид Ниязовдун ордуна өз аппаратынын жетекчилигине дайындаган. Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезде Абылгазиев бир жыл вице-премьерлик кызматты аркалаган. Буга чейин ал 13 жыл аралыгында Социалдык фонддо ар кандай кызматтарды ээлеген.